Кабар жана жарыялар

Илимий Изилдөөлөр борборунда чогулуш...

Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Илимий Изилдөөлөр борборунда 2013-жылдын 19-ноябрында университетибиздин ректору проф., докт., Себахаттин Балжынын төрагалыгы астында борбордун жетекчилери жана орун басарларынын катышуусу менен чогулуш болуп өттү.

Чогулушта Илимий изилдөө борборунун бул окуу жылында аткарыла турчу иш-чаралары талкууга алынды. Борбордун жетекчилери  өткөн окуу жылында аткарылган иш-чаралар жөнүндө кыскача маалымат берип, жаңы окуу жылында аткарыла турчу иштер жана иш-чаралар тууралуу пландарын сунушташты. Борборлор жаңычылдык, байкоочулук жана эл аралык деңгээлде пайда алып келүү  принциптерин негиз тутуп окуу жылдын аягында даңаза алып келүүчү жана көнүл бурула турган иш-чараларды аткарууну максат коюшту.