Кабар жана жарыялар

«(ЕврАзЭС) Бажы биримдиги: Казакстандын тажрыйбасы жана Кыргызстандын багыт алуусу» ...

2014-жылдын 6-февралында Кыргыз-Түрк Манас университети, Орто Азия изилдөөлөр борбору (ORASAМ) жана Ахмет Яссеви атындагы Эл аралык университетинин Евразия изилдөө эл аралык институту тарабынан уюштурулган « (ЕврАзЭС) Бажы биримдиги: Казакстандын тажрыйбасы жана Кыргызстандын багыт алуусу» деген темада эл аралык семинар болуп өттү.

 

Иш-чарага университет жетекчилери, казакстандан илимпоз-экономисттер жана жергиликтүү эксперттер, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын ачылышында ректор, проф.док. Себахаттин Балжы иш чаранын катышуучулары менен уюштуруучуларын маанилүү маселе үчүн чогулуп олтургандары үчүн кубанычта экендигин билдирип: - «Совет мезгилинин кулашы АКШ үчүн чоң пайдалуу болду десек болот, себеби Американын жүргүзгөн саясаты, дүйнөлүк көз карашынын тажрыйбасынан эл аралык система 2000-жылдан баштап Европа Биримдиги, НАТО бир топ күч алып, алдыңкы планга чыкты, ал эми Кытай жана Япония Азияда экономикасы ылдам өнүккөн державалардын бирине айланды. Россиянын таасири менен Белорусия жана Казакстан да Европа Биримдиги менен тең салмактуулукта кайрадан өзгөрдү, - деп Европа Биримдигине жаңыдан мүчө болгон Казакстандын тажрыйбасынын негизинде Кыргызстандын багыт алуусу, бүгүнкү күндө эң маанилүү иш болуп жаткандыгына токтолду жана Бажы биримдиги өлкөнүн экономикалык жаткан өнүгүүсүнө бир топ артыкчылыктарды алып келет деген ниетин билдирди.

Ахмет Яссеви атындагы Эл аралык университетинин проректору проф.док. Невзат Шимшек: - «Кыргыз-Түрк Манас университети менен Орто Азия изилдөөлөр борбору (ORASAМ) биргелешип, маанилүү иштердин тегерегинде кызматташып жаткандыктары мени абдан кубандырып жатат. Манас университети бир гана билим берүү менен эле чектелбестен, коомдук иштерге да кайдыгер карабай, учурдагы башкы маселелердин бири болуп жаткан Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча маселелеринин тегерегинде ой жүгүртүүнүн өзү бир топ салым кошкондук болуп эсептелет. Бажы биримдигине кирген мамлекеттер, оболу экономикага болгон таасирин анализдеп, аныктап алуулары зарыл болуп жатат», - деген оюн билдирди.

Казакстандагы Евразиялык изилдөө эл аралык институтунун өкүлү Аль-Фараби атындагы КазНУнун филос.и.к., доценти Жанат Момынкулов «Евразиялык союздун Казахстан үчүн пайдасы жана кемчиликтери» деген темада баяндама жасады, анын айтуусунда Бажы биримдиги жергиликтүү өндүрүшчүлөргө бир топ кедергисин тийгизди. -" Мисалга, момпосуй жана Казакстандан жасалчу унаалар, арак, эт, сүт өнүмдөрү алгачкы жылдары төмөндөп кетти. Мындан жергиликтүү өндүрүшчү компаниялар көп маселелерге туш болду" , - деп, Бажы биримдигинин экономикалык эмес, саясий кызыкчылыгы басымдуураак кэкендигин белгилеп, учурда Казакстанда бир топ ишканалар жабылып жатканына токтолду.

  Андан кийин Д.Талдыбаева, Ахмет Яссеви атында университетинин Эл аралык байланыштар факультети «Бажы биримдигинин Казакстандын өз алдынча иденфикациялоосуна тийгизген таасири», Д.Нурушева Гуманитардык жана саясий өнүгүү борборунун эксперти (Казакстан) «Бажы биримдиги, Казакстандын социалдык-экономикалык натыйжалары» деген темада баяндама жасашты. Динара Нурушеванын айтымында: - ”Бажы биримдигине кирип кирбөө бул Кыргызстандын өзүнүн укугу. Негизи эң чоң маселе бул эки тараптын келишими, анткени Россиянын тышкы саясаты жана ага кошумча ичиндеги регионалдык проблемалары көп. Сөзсүз колдоо көрсөтүү керек. Антпесе, Кыргызстанга бардык чыгымдарды өз мойнуна алуу оор болуп калат”.

Ал эми КРнын Каржы министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Акелеев: “Жалпылап айтканда, кирүү же кирбөө баары бир экономикага терс таасирин тийгизет. Киргенде баалар дароо көтөрүлөт, жумуш орундар азаят. Ошон үчүн өкмөт туура убадалады - ал тууралуу дагы ойлонуш керек. Ал эми айыл чарба үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлүшү мүмкүн,  анткени 3 мамлекет тең чийки зат сатып алууга муктаж “, - деп, «Бажы биримдигине кошулууда Кыргызстандын экономикалык жактан божомолдору» деген темада баяндама жасады.

Эске салсак, Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү же кирбөө тууралуу маселе Кыргызстан үчүн саясий эмес, биринчи кезекте экономикалык жактан маанилүү экенин белгилеп келет. 2013-жылдын 24-декабрында Москвада Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынында Кыргызстандын уюмга кирүү мөөнөтү кийинкиге калтырылган. Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу боюнча “жол картасы” ушул жылдын март айына белгиленген Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынышы мүмкүн. 2010-жылы түзүлгөн Бажы биримдигине Кыргызстан 2011-жылдан тарта кошулуу аракеттерин жасап келатат. Коомчулукта болсо уюмга кошулуу боюнча пикирлер бир беткей эмес.

Семинардын иши 3 секцияга бөлүнүп, анда Казакстандан келген бир топ өкүлдөр, Ахмет Яссеви атындагы Эл аралык университетинен, Евразия изилдөө эл аралык институнан, ошондой КТМУнун профессор - окутуучулары да өз баяндамалары менен катышышып, Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн кандай пайдаларды алып келет жана Бажы биримдигинин мааниси эмнеде деген бир топ суроолордун тегерегинде ой жүгүртүшүп, Бажы биримдигине кошулуунун оң жана терс жактары тууралуу кызыктуу талкуу жүргүзүштү.