Кабар жана жарыялар

Кесиптештерибиз Президенттин сыйлыгына татыктуу болушту

Кесиптештерибиз Президенттин сыйлыгына татыктуу болушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин 2016-жылдын 31-декабр ын дагы «2016-жылды Тарых жана м аданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» Жарлыгына ылайык , Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн университетибиздин:

Гуманитардык факультеттин профессору, археолог Табалдыев Кубатбек Шакиевичке - «Даӊк» медалы ыйгарылды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы жамааты аталган кесиптеш ибизди жогорку даражадагы сыйлы гы менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы илимий жана чыгармачылык иштеринде албан-албан ийгилик, чын ден-соолук каалайт!