Кабар жана жарыялар

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынан жаңы жылдык куттуктоо

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынан жаңы жылдык куттуктоо

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрү жаңы жыл менен куттукташты.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациасы тарабынан 28-декабрь күнү жаңы жылдык куттуктоо кечеси уюштурулду.

Иш-чарада университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы бүтүрүүчүлөрдү келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап: «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин мүдөө – талаптары бар. Ал - Түрк дүйнөсүнүн келечегин курууга салым кошуп, келечекке ишенимдүү караган, орток маданий баалуулуктарыбызды даңазалаган, мүнөзү курч, сапаттуу билимге ээ жаш муундарды тарбиялоо болуп эсептелет. Б из ар дайым өзүбүздүн бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз, алар өз кесибинин мыкты адистери болушуп, учурда дүйнөнүн 32 өлкөсүндө иштеп жүрүшөт. Демек, алар татыктуу билимге ээ болушкан. Ар улуттун өкүлдөрүнөн турган жаштарыбыздын ийгиликтери бизди дайыма кубандырып турат.”,- деп иштерине ийгилик каалады.

Куттуктоо кечеси концерттик программа менен коштолду.

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү