Кабар жана жарыялар

Кесиптик жогорку мектебинен жаңы кызмат көрсөтүү

Кесиптик жогорку мектебинен жаңы кызмат көрсөтүү

Кесиптик жогорку мектеби тарабынан университет кызматкерлери үчүн жаңы кызмат көрсөтүү ачылды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Кесиптик жогорку мектеби тарабынан университет кызматкерлери үчүн жаңы кызмат көрсөтүү, тагыраак айтканда, кызматтык унаа ишке берилди.

Жаңы кызматты пайдалануу жана колдонуу үчүн Кесиптик жогорку метебинин Автоунааларды тейлөө жана оңдоо бөлүмүндө автоунааларды жууп, тазалоо жана кызмат көрсөтүү бөлүмү ачылган.

Аталган бөлүмдүн ачылышы 2017-жылдын 3-январында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжынын катышуусунда өттү. Ректор жаңы кызматтын ийгиликтүү болушун тилеп, бул иштин үстүндө эмгектенгендерге ыраазычылык билдирди.

Мындан ары унаа кызматы менен КТМУнун кызматкерлери иш күндөрү саат 08:30 дан 17:30га чейин кампустун ичинде колдоно алышат. Ал үчүн университеттин кызматкерлери өз карточкаларынан алдын ала кантинден чек алуулары керек.

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү