Кабар жана жарыялар

Этно оюндар конфедерациясы нын жыйыны болуп өттү

Этно оюндар конфедерациясы нын жыйыны болуп өттү

Дүйнөлүк этно спорт конфедерациясы нын жыйыны

15-февраль күнү Ректораттын Окумуштуулар залында универстеттин ректору, профессор Себахаттин Балжынын жетекчилигинде Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы нын мүчөлөрү менен болгон жыйын болуп өттү.

Жыйынга Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы нын башкы катчысы жана КР Туризм департаментинин мүдүрү А.Жаманкулов жана конфедераци янын өкүлдөрү А.Бабакулов, К.Мамбеталиев, университеттин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү К.Жанузаков менен мүдүрдүн орун басары Сердар Гери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Д үйнөлүк этно оюндар конфедерациясы нын учурдагы абалы, КТМУда пландаштырылып жаткан Түрк элдеринин улуттук оюндарын изилдөө борборун түзүү долбоору тууралуу маселелер талкууга алынып, сүйлөшүүлөр жүрдү.

Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы нын башкы катчысы жана КР Туризм департаментинин мүдүрү А.Жаманкулов Бүткүл д үйнөлүк көчмөндөр оюндары н өткөрүүгө кошкон салымы жана колдоосу үчүн окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжыга ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү