Кабар жана жарыялар

КУУда тогуз коргоол жана мангала боюнча университеттер арасында турнир болуп өттү

КУУда тогуз коргоол жана мангала боюнча университеттер арасында турнир болуп өттү

2017-жылдын 15-февралында 6-окуу имаратында тогуз коргоол жана мангала улуттук оюндары боюнча  университеттер арасында турнир болуп өттү. Мелдештерге Бишкек гуманитардык университетинин,_ Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, Эл аралык университеттин жана Кыргыз улуттук университетинин командалары катышты.

Мелдештин калыстар тобуна КУУнун административдик жана чарба иштери боюнча проректору Алымкул Токтомамбетов, эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчиси Бакыт Келдибеков, профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тренери Аким Нурсейитов жана Түр к университеттер Ассоциациясынын студенттик кеңешинин төрагасы Атилла Гювен кирди.

Беш сааттан ашык убакытка созулган улуттук оюндар боюнча турнирдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

Тогуз коргоол боюнча:

Балдар командалары арасында:

  1. •  Кыргыз-Түрк "Манас" университетини
  2. •  Кыргыз улуттук университети
  3. •  Бишкек гуманитардык университети
  4. •  Эл аралык университет.

Кыздар командалары арасында:

  1. •  Кыргыз улуттук университети
  2. •  Кыргыз-Түрк "Манас" университети
  3. •  Бишкек гуманитардык университети
  4. •  Эл аралык университет

Мангала боюнча:

Балдар командалары арасында:

  1. •  Кыргыз-Түрк "Манас" университетини
  2. •  Бишкек гуманитардык университети
  3. •  Кыргыз улуттук университети
  4. •  Эл аралык университет

Кыздар командалары арасында:

  1. •  Кыргыз улуттук университети
  2. •  Кыргыз-Түрк"Манас" университети
  3. •  Эл аралык университет
  4. •  Бишкек гуманитардык университети