Кабар жана жарыялар

Семинар: “Адал туризмдин өнүгүүсү: рыноктон мисалдар”

Семинар: “Адал туризмдин өнүгүүсү: рыноктон мисалдар”

Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында Теология факультети менен Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби тарабынан “Адал туризмдин өнүгүүсү: рыноктон мисалдар” деген аталышта семинар өттү.

Ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, профессордук окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чаранын ачылышында ректор Себахаттин Балжы дүйнөдө 1,5 миллион мусулмандын 10 пайызы туризм секторунда эмгектенерин баса белгилеп: “Мусулманмын деген инсандын айткан сөзү менен кылган иши дал келиши керек. Туризм тармагында жаңычылдык пайда болгону баарыбызды кубандырып жатат. Андыктан “адал туризм” тармагын илимий жактан да изилдөөгө алышыбыз зарыл.”, - деди.

“Адал туризм – жаңы индустрия. Адал товар чыгарып, кызмат көрсөткөн ишканалардын саны күндөн күнгө артууда. Казакстандан бир кесиптешим адал тамак-аштарды даярдаган эт фабрикасында кызмат көрсөтөт. Ички жана сырткы суроо-талаптарды камсыздайт экен. Кыргызстанда да туризм секторунда адал кызмат көрсөткөн жайлар ачыла баштады. Албетте, булар суроо-талаптан улам пайда болду. Мындан кийинки жылдарда да бул багытта суроо-талаптардын өсүүсү мүмкүн”, - деди окуу жайдын биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев.

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү Барыш Эрдем - “Мусулмандар эс алуу жана саякат кылууда муктаждыктарын Ислам түшүнүгүнүн негизинде аткарылуусун талап кылышат. Азырынча суроо-талаптын сандык көрсөткүчү 150 миллион, ал эми пайыз менен 12 пайызды түзөт. Ал эми экономикалык жактан карай турган болсок, сектордук эсептөө менен 10 пайыздык үлүшкө ээ. Түркия базар системасында экинчи орунда турат. Бул кызмат көрсөтүүнү талап кылган туристтердин орточо каржылоосу 18 миң лира. Тактап айтканда, 28 Ислам мамлекетинен келген туристтердин бардык каржылоолору бул көрсөткүчтү дагы да көтөрөт десек жаңылышпайбыз”, -деп “адал туризм” термини жаңы, ал акырындап глобалдашып баратат деп кошумчалады.

Ал эми Теология факультетинин деканы, профессор Мустафа Көйлү “Исламда бош убакты туура пайдалануу жана көңүл ачуу түшүнүгү” деген баяндамасында Ислам дининин негизинде бул тема кандай кабыл алынарын айтып берди.

Андан кийин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин ага окутуучусу Бакыт Турдумамбетов “ Ад ал туризмдин теориялык негиздери жана Кыргызстанда өнүгүү потенциалы” жана ага окутуучу Толга Гөк “Адал туризм тууралуу Түркиядан практикалык мисалдар” деген аталыштагы баяндамаларын сунду.

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү