Кабар жана жарыялар

КТМУнун ректору «Жергиликтүү идеялар» коому тарабынан сыйланды...

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжыга «Жергиликтүү идеялар» коому тарабынан сыйлык берилди.


2017-жылдын 22-июлунда ТРнын Маданият жана туризм министрлиги менен «Жергиликтүү идеялар» коому тарабынан уюштурулган «Түрк фильмдер жумалыгы - Кыргызстан» иш-чарасынын ачылыш аземинде Түркиянын Орду шаарынын депутаты жана «Жергиликтүү идеялар» коомунун башчысы Метин Гүндоглу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжыга сыйлык тапшырды.


Аталган иш-чаранын ачылыш аземине КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, ТРнын Президентинин баш кеңешчиси Ялгын Топчу, ТРнын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, ТРнын Орду шаарынын депутаты жана «Жергиликтүү идеялар» коомунун башчысы Метин Гүндоглу, КРнын Жогорку кеңешинин депутаты Дастан Жумабеков, ТИКАнын Кыргызстандагы өкүлү Эврен Рутбил, Түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова жана уулу Аскар Айтматов, КРнын Кинематография департаментинин мүдүрү Мукталы Бектеналиев, Түрк фильмдер жумалыгынын координатору ϴнер Кылыч жана бир катар белгилүү түрк жана кыргыз режессорлору, маданият өкүлдөрү катышты.
Уюштуруучулар иш-чаранын максатын түрк кинолорун элге тартуулоо гана эмес, эки өлкөнүн режиссорлорунун бири-бири менен тажрыйба алмашуусу экенин айтышты.


Түрк фильмдеринин жумалыгы 21-25-июль күндөрү өтүп, көрүүчүлөр 5 күн бою “Октябрь” кинотеатрында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» чыгармасынын негизинде тартылган «Selvi boylum al yazmalım» (“Кызыл жоолук жалжалым”), “Делиорманлы”, “Ашуг”, “Айылдык философ”, “Унутуп калсам эскерткин” фильмдерин акысыз көрө алышты.


Радио - телекөрсөтүү мүдүрлүгү
ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү