Кабар жана жарыялар

Бүтүрүүчүлөрүбүздүн фильмдери эл аралык фестивалга катышат

Бүтүрүүчүлөрүбүздүн фильмдери эл аралык фестивалга катышат

 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин студенттери Айжамал Болотованын «Ай сонатасы», Фарида Сейталиеванын «Кичинекей Манасчы» жана Мээрим Догдурбекованын «Бакыт» деп аталган дебюттук кыска метраждуу тасмалары XX Эл аралык "Auburn Film Festival” кинофестивалынын конкурсттук программасына кирди.

Аталган фестивалдын  финалдык бөлүмү Австралиянын Сидней шаарында 18-22-сентябрь күндөрү өтөт. Фестивалдын максаты кино тармагын жакшыртуу, жаштардын киного болгон кызыгуусун арттыруу жана коомдогу бардык маселелерди тасма аркылуу жеткирүү болуп саналат.

Тандалып алынган дебюттук тасмалар «Tadgell’s Bluebell Honour Award» категориясында ат салышмакчы, мындан тышкары сынакка Европа, Азия жана Американын 28 мамлекетинен келген тасмалар катышат.

Белгилей кетсек, бул тасмалар коммуникация факультетинин ага окутуучусу, белгилүү кинорежиссер жана КРнын Эл артисти Артыкпай Сүйүндүковдун жетекчилигинде тартылган студенттердин дипломдук иши болуп саналат. Тасмалар Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана «Айтыш фильм» киностудиясы менен биргеликте тартылган.

Радио- телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бөлүмү