Кабар жана жарыялар

Мектепке чейинки билим берүү боюнча семинар өттү

Мектепке чейинки билим берүү боюнча семинар өттү

2018-жылдын 9-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Педагогика бөлүмүндө Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн арналган семинар болуп өттү.

Семинарда Түркиядагы мектепке чейинки билим берүүнүн иштелип чыгуу процесси жана мектепке даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында ар кандай мектепке чейинки билим берүү программаларын ын колдонулушу туурасында маалыматтар берилди.

Гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган бул семинарга Кыргызстанда тоолуу аймактардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелердин колдоого алынуусу боюнча долбоордо милдеттендирилген жана эң мыкты деп табылган 12 мугалим катышты. Атаган семинар «Роза Отунбаеванын демилгеси» атындагы фонду тарабынан колдоого алынды.

Гуманитардык факультетинин Педагогика бөлүмүнүн доценти Хасан Йылмаз Түркиядагы мектепке чейинки билим берүүдөгү колдонулган программалар жана ал программалардын максаттарын, милдеттерин, маңызы , ошондой эле жеке жана мамлекеттик мектептер туурасында маалымат берди.

Андан кийин Педагогика бөлүмүнүн ага окутуучусу Кадиян Бообекова мектепке чейинки билим берүүнүн Осмон доору, мамлекеттик доору жана азыркы учурдагы абалы тууралуу кошумча маалымат берсе, ал эми тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу Роза Абдыкалыкова Түркиянын тарыхы тууралуу кыскача айтып берди.

КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы өз сөзүндө Туркияга барып атайын кесиптик билимин жогорулатып, тажрыйбасын кеңейтем деген окутуучуларга ар дайым колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Мындан ары мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында Түркияга барып келүүсүнө «Роза Отунбаеванын демилгеси» атындагы фонду колдоо көрсөтүп, каржылоо маселесин өз мойнуна алмакчы.

Медиа Манас

Haberin Tamamı: http://mediamanas.kg/lang-tr/2436-okul-ncesi-eitim-semineri-dzenlendi.html