Кабар жана жарыялар

Кесиптик жогорку мектебинде макет жана оюнчук көргөзмөсү

Кесиптик жогорку мектебинде макет жана оюнчук көргөзмөсү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Архитектуралык модель иштеп чыгуу жана колго жасалган балдар ончуктары» деген аталышта көргөзмө уюштурулду.

КТМУнун Кесиптик жогорку мектебинин тарабынан 9-февраль күнү уюшутурулган көргөзмөгө университет жетекчилери, окутуучулук жамаат жана студенттер катышты.

Ар кандай курулуш стилиндеги моделдери жана колдон жасалган оюнчуктар коюлган бул көргөзмө көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды.

Окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы оюнчукту жасаган дизайнер студенттердин жасаган иштеринен кабар алып, ийгилиги менен куттуктады.

Көргөзмөгө коюлган макеттер имараттарды куруу жана эксплуатациялоо жана мектепке чейинки балдарды тарбиялоо программасынын биринчи курсунун студенттеринин жасаган иштери болуп саналат.

КТМУнун Кесиптик жогорку мектеби тарабынан уюштурулган «Архитектуралык модель иштеп чыгуу жана колго жасалган балдар оннчуктары» көргөзмөсү 14-февралга чейин уланмакчы.

Медиа Манас