Кабар жана жарыялар

Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын салттуу кышкы саякаты өткөрүлдү

 

Университеттин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан cалттуу кышкы саякатынын алтынчысы 2018- жылдын 11- февралында “Зил” лыжа базасында өткөрүлдү.

Иш - чара КТМУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Экскурсияга университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери катышты.

Ректор, профессор Себахаттин Балжы өз сөзүндө КТМУ Бүтүрүүчүлөр ассоциациясына ыраазычылыгын билдирип , бүтүрүүчүлөр менен студенттердин биримдикте болуусу чоң мааниге ээ, университет жетекчилиги ар дайым студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен бирге болуп , аларга бардык жактан колдоо көрсөтө тургандыгын баса белгилеп айтты.

Катышуучулар көңүлдүү эс алуу менен бирге чогуу тамактанышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Media Manas

http://mediamanas.kg/lang-ky/2447-geleneksel-k-gezisi-gerekletirildi.html