Кабар жана жарыялар

Манас университети VI билим фестивалына катышты

Манас университети VI билим фестивалына катышты

 Бишкек шаарында 19-майда “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан уюштурулган VI билим фестивалы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга» ураанынын астында, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын айланасындагы аймакта болуп өттү.

Кыргызстанда өзүнүн маданиятын, тилин жана салттарын алып жүргөн 80ден ашык ар түрдүү этностордун өкүлдөрү жашайт. Быйылкы алтынчы жолу ѳтүп жаткан билим фестивалы балдарды жана жаштарды Кыргызстанда жашаган ар түрдүү этностук топтор менен тааныштырууга, аларда ар кыл элдердин этностук көп түрдүүлүгүн жана маданий өз алдынчалыгын урматтоону тарбиялоого арналды.

Аталган фестивалга башка билим берүү мекемелери менен бирге Кыргыз-Түрк «Манас» университети да активдүү катышты. Уюштуруучулар тарабынан университетибизге атайын бөлүнүп берилген стендде университетибизди тааныта турган материалдар  жайгаштырылган. Анда мектеп бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер Манас университети боюнча кененирээк маалымат алып жатышты. Жарманкеге катышып, таанытуу иштерин жүргүзүүгө окуу жайыбыздын Коомчулук менен байланышуу бөлүмү жана университеттин активист студенттери чоң көмөк көрсөтүштү. Иш-чарага окуу жайыбыздын проректору, профессор Хусейин Ѳгүт да келип, Манас университетине бул жылы Жалпы Республикалык Тестирлѳѳнүн - ЖРТ 110 баллдан жогору алгандар гана каттала алышат деп, бул көргөзмө келечек жаштардын кесипти туура тандоого, балдарга туура билим алууга багыт берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында балдардын колунан жаралган эмгектер коюлуп, дүйнѳ маданияттары, дүйнѳ ашканалары, Билимбектин лабораториясы, китеп текчеси, гүлдөрдүн көргөзмөсү, экскурсиялар, мастер класстар, медициналык кеңешмелер, мелдештер, балдар менен ата-энелер үчүн сынактар уюштурулду.

Кошумчалай кетсек, Билим фестивалы 2013-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл билим фестивалынын биринчи күнү 20-апрелде К.Карасаев атындагы БГУда ѳткѳн.

Медиа Манас