Кабар жана жарыялар

Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыгуу

Алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыгуу

КТМУда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуу семинар өткөрүлдү.

КТМУда КРнын Жарандык коргоо жана коопсуздук боюнча комитети тарабынан уюштурулган бул жыйынга университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, окуу жайдын академиялык жана административдик кызматкерлери катышты.

Семинарда КТМУнун ден соолук борборунун башчысы Гүлфия Губайдуллина «Алгачкы жардам көрсөтүүгө машыгуу» деген темада баяндама жасап, алгачкы жардамды кантип көрсөтүү керектигин, ошондой эле канды кантип токтотуу керектигин, жасалма дем алдыруу жана башка ушул сыяктуу алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөттү.

Андан соӊ жыйын суроо-жооп менен уланды. Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы биринчи жардам көрсөтө турган окуялар болбой эле койсун, бирок ошондой боло турган болсо, туура жардам көрсөтүү керек экендигин айтты. Алгачкы жардам көрсөтүүнү ар бир адам билиши керек жана аларды машыктыруу үчүн колубуздан келген жардамды көрсөтүшүбүз зарыл деп, иш коопсуздугу жана кызматкерлердин ден соолугуна байланыштуу долбоордун башталганын жана ал аябай маанилүү экендигин баса белгиледи.

Медиа Манас