Кабар жана жарыялар

19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы

19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы

«Спорт – ден соолуктун жана достуктун булагы»

КТМУда 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы белгиленди.

Иш-чара 2018-жылдын 21-майында К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында ѳтүп, “19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы” дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан «Спорт – ден соолуктун жана достуктун булагы» деген ураан менен жыл сайын салтка айланып калган университеттин студенттер арасында уюштурулчу «IX Жайкы Спартакиада» турниринин жабылыш салтанаты менен коштолду.

Майрамдык программага Түндүк Кипр Республикасынын Бишкектеги өкүлү Атынч Кескин, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу маданият жана таанытуу боюнча кеӊешчи, профессор Нури Шимшеклер, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев катышышты. Иш-чара Улуу Мустафа Кемал Ататүрктү 1 мүнѳттүк эскерүү менен башталып, эки өлкөнүн гимни жаңырды. Ошондой эле Манас Медиа жана Манас Фм радиосунан түз берилип турду.

Иш-чарада КТМУ ректору Себахаттин Балжы жана биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев күндүн маанилүүлүгүн белгилөө менен өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы: «Жаштарыбызды чын дилимден куттуктап, ийгилик каалайм. Бүгүнкү күнү Түркия Республикасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарында жана экономикасы жагынан дүйнөдө 13-орунда турат. Биз көптөгөн цивилизацияларды, мамлекеттерди курдук, ошол эле учурда алардын кулашын, алсызданышын да көрдүк. Албетте, булардын бардыгы экономикалык өнүгүүгө байланыштуу. 19-май белгиленгенден бери арадан 99 жыл өттү. Бул жылдар аралыгында көптөгөн согуштар, жоготуулар болду, балдарыбыз ата-энесиз, аялдарыбыз жесир калды. 19-май Мустафа Кемал Ататүрк мамлекетибизди басып алган өлкөлөргө каршы күрөш ачкан күн болуп саналат. Бул күрөш Самсунда башталып, 1923-жылы Түркия Республикасы түзүлдү. 19-май биз үчүн аябай маанилүү күндѳрдү бири, себеби Ататүрк баардык үмүтүм - бул жаштар дейт. Ататүрк жаңыдан жаралуу, тарыхта жаңыдан пайда болуу жана түрк улутунун кыйрабастыгын белгилеген күндү жаштардын колуна тапшырып, майрам катары жаштарга тартуулаган», -  деп, Ататүрктүн атын, осуятын кийинки муундага айтып жеткирүү биздин милдет деп кошумчалады.

Биринчи проректор, прфессор Асылбек Кулмырзаев: «Бүгүн, биз Түркия Республикасынын пайдубалын курган Мустафа Кемал Ататүрктү эскерип отурабыз, ал инсандын жаткан жери жайлуу болсун. Ошону менен бирге жаштарыбызды да жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз. Бул жылы спорт тармагында көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Университеттер аралык оюндарда үчүнчү орунду алдык. Өлкөнүн келечеги жаштар болуп саналат. Эки ѳлкѳнүн достугунун негизинде курулган Манас университети 23 жыл ичинде бир топ бүтүрүүчүлөрдү уядан учурду. Бүгүнкү күнү бүтүрүүчүлѳрүбүз дүйнѳнүн 33 ѳлкѳсүндѳ иште, ѳз кесибинде көптөгөн ийгиликтерди жаратып жатышат. Кыргызстанда жана Түрк дүйнөсүнда кандай гана көйгөйлөр болбосун, аларды чечүүдѳ өлкөбүздүн келечегин колдоруна алып, билимде жана спортто эң алдыңкылардан болгон жаштар керек”, - деп жаштарды таза, сергек жашоого үндѳп, спортко болгон кызыгуулары жогорулай беришин каалады.

Ачылыш сѳздѳрүнѳ кийин жене тарбия жана спорт жогорку мектебинин деканы К.Жанузаков 2018-жылкы IX Жайкы Спартакиада турниринин студенттер ортосунда өткөн университет 1си, 2си жана 3чүлөрүн атап, аларга мындан аркы да ийгиликтерди каалады. Ал эми университет жетекчилери ректор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев спорт менен машыгуу ишке болгон активдүүлүктү жана позитивдүүлүктү жогорулатаарын баса белгилешип, мындай иш чаралар биздин студенттердин социалдык жашоолорун бекемдейт деп, IX Жайкы Спартакиада турниринин жеңүүчүлөрүн кызуу куттукташты жана бул жолку жайкы спорттун жеңүүчүлөрү болгон кубоктун ээси Экономика жана башкаруу факультетинин студенттеринде экендигин белгилеп, белек жана куттуктоо баракчаларын өз колдору менен тапшырышты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерт менен аяктады.

Медиа Манас