Кабар жана жарыялар

«Түркия Жашыл ай коомунан» ыраазычылык

«Түркия Жашыл ай коомунан» ыраазычылык

«Түркия Жашыл ай коому» "Технологиялык көз карандылык" деген аталышта илимий жыйындын ѳтүшүнѳ кѳрсѳткѳн колдоосу үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жамаатына ыраазычылык билдирди.

Ыраазычылык баракчасында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы жамаатына жана университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжыга «Түркия Жашыл ай коому» тарабынан ѳткѳрүлгѳн иштерге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирилген. Ошондой эле «Кыргызстан Жашыл ай коомунун» колдоосу менен КТМУда «Жашыл ай клубун» ачуу пландалууда экени айтылган.

Эскерте кетсек, үстүбүздѳгү жылдын 29-мартында «Түркия Жашыл ай коому», «Кыргызстан Жашыл ай коому» коомдук бирикмеси жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети биргеликте уюштурулган "Технологиялык көз карандылык" деген аталышта илимий жыйын болуп ѳткѳн.

 

Медиа Манас