Кабар жана жарыялар

Университет жетекчилери сынактардын жүрүшүнѳн кабар алышты

Университет жетекчилери сынактардын жүрүшүнѳн кабар алышты

КТМУнун жетекчилери университетте ѳтүп жаткан сынактарга кѳз салып, студенттердин акыбалынан кабар алышты.

2018-жылдын 31-майында жана 1-июнь күнү окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, окуу иштери боюнча проректорлор, профессор Хусейин Өгүт, профессор Анварбек Мокеев жана студенттик бөлүмдүн башчысы Гүнхан Кайхан окуу жайдагы жыйынтыктоочу сынактардын жүрүшүнѳн кабар алып, дарсканаларды кыдырып кѳрүштү. Сынактар эрежелердин негизинде өтүп жатканын байкаган университет жетекчилери студенттерге ийгилик каалашты.

Медиа Манас