Кабар жана жарыялар

Элчи экономика жаатында пикир алышты

Элчи экономика жаатында пикир алышты

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык жамаатынын ѳкүлдѳрү менен жолугуп, экономика темасы тууралуу ѳз ара маектешти.

Жыйынга КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, экономика жана башкаруу факультетинин окутуучулар жамааты катышты.

Маектешүүнүн жүрүшүндө элчи Фырат мырза эки ѳлкѳ ортосундагы кызматташтык экономикалык жана маданий-гуманитардык көп багыттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, анын ичинде мамлекет жана университеттин иш чөйрөсүнө жигердүү кошкон салымын баса белгилеп, Түркия жана Кыргызстанды кызыктырган негизги маселелер боюнча пикир алышкысы келгенин билдирди. Ошондой эле ал ѳз сѳзүндѳ ѳз-ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүлүү мисалы катары Кыргыз-Түрк «Манас» университетин келтирсек болот деди.

Медиа Манас