Кабар жана жарыялар

Окуу жайда Камкорчулар кеӊешинин жыйыны өттү

Окуу жайда Камкорчулар кеӊешинин жыйыны өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү университетте жыйын өткөрүү максатында Кыргызстанга келишти.

Үстүбүздѳгү жылдын 1-июлунда Түркиядан учуп келген университеттин Камкорчулар кеңешинин Түркиядагы мүчөлөрүн кубануу менен окуу жайдын жетекчилери тосуп алышты.

Анын эртеси, 2-июлда университеттин кезектеги 2018-2019-окуу жылынын Камкорчулар кеңешинин жыйыны ректорат имаратында өтүп, ага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар Кеңешинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин жана Кыргыз Республикасынын Вице Премьер-министри Омурбекова Алтынай Сейитбековнанын ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүм башчысынын орун басары Уланбек Усеков, КРнын Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева, Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабирбековичтин ордуна Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысыныны орун басары Наталья Никифорова, ТРнын Билим берүү министринин кеӊешчиси, Камкорчулар Кеӊешинин төрагасы Юсуф Текин, ТР Жогорку Билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин мүчөсү, профессор Мехмет Шишман  жана КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев катышты. Ошондой эле Түркиядагы Камкорчулар кеңешинин мүчѳсү жана Президенттин кеңешчиси, профессор Явуз Атар телекѳпүрѳ катары катышты.

КРнын Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева жакында Түркияда ѳткѳн президенттик шайлоонун ийгиликтүү ѳтүшү менен куттуктап, бир тууган түрк элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. Ал ѳз сѳзүндѳ ѳлкѳ башчысы Режеп Тайип Эрдогандын жеңиши менен Түркиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп-өсүшүнө жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кылым карыткан достук жана өз ара стратегиялык байланышы дагы жаңы деңгээлде уланаарына ишенем деди. Ошондой эле Камкорчулар кеңешинин мүчѳсү Аднан Эртүрк мырзанын мезгилсиз дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен кѳңүл айтып, маркумдун үй-бүлөөсүнө аманчылык жана сабырдуулук каалады. Жыйында университеттин иштерине байланышкан маселелер каралып, натыйжалуу чечилишине ишеним артаарын билдирди.

КТМУнун Камкорчулар Кеӊешинин төрагасы Юсуф Текин Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү кайрадан чогулуп олтурганына кубанычта экенин билдирип: “Ар бир жыйында чогулганыбызда университеттин тездик менен өнүгүп жатканын кѳрүп, кубанып жатабыз. Албетте, мындай өсүшкө университет эки ѳлкѳнүн колдоосу жана окуу жайдын жалпы жамааты менен жетти. Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Манас университети Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамиленин “Алтын көпүрөсү” деп, ар дайым колдоо кѳрсѳтүп келе жатат. Чындыгында ар тараптан өнүгүп, келечек муунга мыкты билим берүү менен эки өлкөнүн достук жана бир туугандык мамилесин бекемдөөдө Түркия жана Кыргызстандын ѳлкѳ башчыларынын, Ѳкмѳтүнүн жана министрликтин колдоосу ѳтѳ маанилүү. Убакыттан пайдаланып баарына ыраазычылыгымды билдирем. Тилекке каршы Камкорчулар кеңешинин мүчѳсү Аднан Эртүрк мырзанын арабыздан мезгилсиз кайтканына байланыштуу, Аллахтан жанын жанаттан болушун тилейбиз”, - деп жыйындын ишине ийгилик каалады.

Жыйында окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы университеттин ишмердүүлүгү, жасалган иштери, пландары тууралуу маалымат берди. Андан соң университеттин окуу-методикалык программасына жана чарбачылык иштерине байланышкан маселелер каралды.

Медиа Манас