Кабар жана жарыялар

Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшырышты

Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшырышты

2018-жылдын 8-июлунда, башкача айтканда, жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өтүүчү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кирүү сынагы болуп өттү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2018-2019-окуу жылы үчүн кирүү сынагы 8-июль күнү саат 10.00дө университеттин башкы имаратында жана Экономика жана башкаруу факультети, Коммуникация факультетинде, Турмуш-тиричиликти тейлөө имаратында жана Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин имараттарында болуп өттү. Сынакка катышкандардын саны 6614, тагыраак айтканда бир орунга 6-7 студент таймашышты. Быйылкы жылы университетке кирүүнү каалаган абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлѳѳдѳн (ЖРТ) 110 баллдан жогору алгандар гана катталганы менен ѳзгѳчѳлѳндү.

Сынак өткөн күнү абитуриенттердин жакындары эртең менен эрте келишип, сынак бүткөнгө чейин университеттин алдында чоң толкундануу менен күтүп жатышты. КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев сынак башталардан мурун университеттин башкы жана Ч.Айтматов атындагы кампусунда жайгашкан окуу имараттарын кыдырып, абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, өз ара маек жүргүзүштү. Анда абитуриенттер кайсы тармакта окуй тургандыктарын жана келечекке болгон көз караштарын, ой-максаттарын тең ортого салышты.

"Анадолу" маалымат агенттигинин Кыргызстандагы телевидениесинин журналисттери университеттин ректору жана биринчи проректору менен сынактын системасы жана университеттеги билим берүү системасы тууралуу атайын репортаж жүргүзүштү. Анда ректор, профессор Себаххаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Кыргыз-Түрк “Манас” университети бекер окутканы жана анда коррупциянын жоктугу менен артыкчылыкка ээ, ошондой эле жыл сайын окуу жайга тапшырсам деп дилгирленген абитуриенттердин саны арбын экенин билдиришти. 

Кирүү сынактары Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлдү. Ал эми абитуриенттерди каттоо  республикабыздын  областтарынын борборлорунда жана Бишкек шаарында  жүргүзүлдү. Сынак ѳткѳрүү маалыматы боюнча жергиликтүү маалымат: Билим АКИpress сайтына, "Анадолу" маалымат агенттигине жана Медиа Манастын сайтына билдирилип, жарыяланды.

Белгилей кетсек, университеттин студенттерди тандоо сынагынын жыйынтыгы 2018-жылдын 12-июль күнү белгилүү болот жана бул жылы КТМУ 1796 , ал эми Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 110 студент кабыл алынмакчы.

Медиа Манас