Кабар жана жарыялар

Окуу жана маектешүү жайы ачылды

Окуу жана маектешүү жайы ачылды

Студенттер достугун бекемдѳѳ менен бирге чогуу окушат

Түрк дүйнөсүнүн  “алтын көпүрөсү” болгон  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуу жана маектешүү жайы ачылды.

Окуу жана маектешүү жайынын ачылыш аземи 2018-жылдын 29-сентябрында ѳтүп, ага университет жетекчилери, окутуучулар, студенттер жана медиа ѳкүлдѳрү катышты. Окуу жана маектешүү жайы Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын демилгеси менен ачылды.

Ачылыш аземинде университеттин башкы катчысы Зия Арпалы окуу жана маектешүү жайында студенттер жолугушуп бирге отуруп китеп окуп, баарлаша алаарын айтса, курулуш иштери башкармалыгынын башчысы Сезаи Үннер болжол менен 500 метр чарчы аянтты ээлеген бул жайда Түрк дүйнөсүнүн жаштары жолугуп, достук карым-катнаштарын бекемдей алышаарын белгиледи.

Ачылыш аземинде университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев студенттерге мындай деди: “Бири-бириңер менен жакындан таанышып, маданиятыңарды таанытып, сабактан тышкары бири-бириңер менен тыгыз алака түзүп, бирге китеп окуп, жакындан баарлашып, ортоңордогу достугуңарды бекемдѳѳгѳ дагы жакшы шарт түзүлдү”.

Ал эми окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы окуу жана маектешүү жайынын ачылышынын максатына токтолуп: “Байкасаңыздар, биз иш менен бирге окуу жана маектешүүнү айкалыштырууга шарт түзүп жатабыз. Окуу жана маектешүү жайы – бул окуу, маектешүү, баарлашуу, таанышуу, өнүгүү, түшүнүшүү, жолугушуу жана бири-бири менен бөлүшүү деген маанилерди түшүндүрѳт. Биз дал ушул түшүнүктөрдү бириктирүүнү кааладык”, - деди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин окуу жана маектешүү жайынын кызыл лентасы кесилип, иш-чаранын катышуучулары бирге даам сызышты.

Окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы Медиа “Манас” борборунун кабарчыларына берген репортажында окуу жана маектешүү жайын ачуу идеясынын демилгечиси Түркиянын Урматтуу Президенти Режеп Тайип Эрдоган болгонун жана Түрк дүйнөсүнүн жылдызы болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университети ар дайым жаңылануунун үстүндѳ иштеп келе жатканын билдирди.

Университеттин студенттери  окуу жайдын жетекчилигине түзүп берген шарттары үчүн кубанычта экенин жана окуу жана маектешүү жайын туура пайдаланаарын айтышты.

Медиа Манас