Кабар жана жарыялар

III Даректүү тасма фестивалынын сыйлоо аземи

III Даректүү тасма фестивалынын сыйлоо аземи

Үстүбүздѳгү жылдын 23-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «III Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильмдери» фестивалында ийгилик жараткан студенттерди жана белгилүү режиссерлорду Бишкекте сыйлоо аземи болуп өттү.

Аталган фестивалдын максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын башка өлкөлөргө таанытуу.

Иш-чарага университет жетекчилери, Эл аралык  Дүйнө журналисттер федерациясынын өкүлдөрү, кыргыз киночуларынын жана медиа өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу азем эки өлкөнүн улуттук гимндери, университеттин жана Түрк дүйнөсү даректүү фильмдер фестивалынын таанытуу фильмдеринин көрсөтүлүшү менен ачылды.

Дүйнө журналисттер федерациясынын башчысы Мендерес Демир фестивалдын максатына токтолду:  «Фестиваль 8 мамлекет, 1 фестиваль» аттуу чакырык менен өттү. Ага жалпы 8 мамлекеттен - Азербайжан, Кипр, Македония, Түркия, Татарстан, Ѳзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 140 фильм катышкан. Бул жылы фестиваль энелердин коомдогу ордун чагылдырган тематикада уюштурулду. Биздин максат - кино тармагындагы бай маданиятыбызды жана таланттуу адамдардын чыгармаларын дүйнөгө таанытуу. Келечекте Түрк дүйнөсүнө өз салымыбызды кошобуз. Бул долбоор 11 жогорку окуу жайлардын ортосунда биргелешип түзүлгөн. Алардын ичинде Кыргыз-Түрк “Манас” университети фестивалдын ишине чоң салым кошуп ийгиликтерге жетишти. Дагы бир жолу баарыңыздарды куттуктайм», - деди.

Окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: «Алгач биз бул фестивалды, тагыраагы Түрк дүйнөсүнүн байлыктарын таанытуу максатында тартылган тасмаларды ѳзүбүз жакшы түшүнүп, андан кийин дүйнѳгѳ таанытуубуз керек. Маселен, тасмалар кантип тартылды, кандай актерлор кандай ролдорду ойногону булардын баары маанилүү. Аталган фестивалга КТМУнун окутуучулары менен студенттери мыкты фильмдерди тартуу менен ѳз салымын кошуп келе жатат», - деди.

Андан кийин университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы аталган фестиваль Түрк дүйнөсүн бириктирүүгө жана орток маданий баалуулуктарын коргоого пайдасы чоң экенин айтты: «Ааламдашуу заманында кино тармагы маанилүү тармакка ээ болууда. 3-жолу ѳтүп жаткан фестиваль жылдын жылга ѳсүп жатат. Биздин тамырыбыз, тарыхыбыз, динибиз, дилибиз бир жана жалпы адамзаттык баалуулуктар тууралуу көптөгөн окшоштуктарыбыз бар, ошол байланыштарды бекемдөө максатында Дүйнө журналисттер федерациясы маанилүү иштерди аткарып келе жатат. Иш менен кошо Түрк дүйнөсүн бириктирүүгө жана орток маданий баалуулуктарыбызды коргоого салымын кошууда».

Иш-чаранын соңунда "Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар" фестивалында байгеге ээ болгон тасмалар үчүн сыйлыктар тапшырылып, финалга чыккан фильмдер көрсөтүлдү.

Аталган фестивалдын максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын башка өлкөлөргө таанытуу. Фестиваль бул жылы энелердин коомдогу ордун чагылдырган тематикада уюштурулган. Жалпы 20 мамлекеттен 140 тасма катышып, профессионалдык жана студенттик категория боюнча ат салышкан. Фестивалда профессионалдык категорияда Өзбекстандан Али Хамраевдин «Сени унуткан жокмун» аттуу тасмасы биринчилик сыйлыгына ылайык көрүлсѳ, ал эми даректүү тасманын студенттер номинациясында биринчилик сыйлыгын Түркиялык Батухан Курт режиссерлук кылган «Курбака аңчылары» аттуу фильми алды.

Фестивалдын профессионалдык категориясы боюнча Кыргызстандык режиссер Тилек Мураталиевдин «1916-жылдагы кѳтѳрүлүш» фильми «Калыстар тобунун атайын сыйлыгына» татыса, ал эми студенттик категориясында ат салышкан,
КТМУнун коммуникация факультетинин радио жана тв бѳлүмүнүн студенти Жибек Абдуллабаеванын "Айымдын дүйнөсү" аттуу кыска метраждуу тасмасы 3-орунду ээледи.

 

Медиа Манас

Үркүн