Кабар жана жарыялар

Боордош Түркия Республикасына 95 жыл

Түркиянын Эгемендүүлүк майрамы белгиленди.

29-октябрь күнү университетте Түркия Республикасынын негизделишинин 95 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара курман болгондорго арналып 1 мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндеринин ойнотулушу, ТРТ Түрк телеканалы тарабынан тартылган “29-октябрь Мамлекеттүүлүк күнү” деген даректүү тасманын көрсөтүлүшү менен ачылды.

Ага окуу жайыбыздын жетекчилиги, Түркиянын жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан Кыргызстандагы өкүлдөрү, окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы Түркия Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 95 жылдыгы менен куттуктап, Түркия мамлекетинин түзүлүшүнүн түптөлүшүнө Республиканын куруучусу Мустафа Кемаль Ататүрктүн орду чоң экендигин баса белгиледи:

“Эки бир тууган ѳлкѳнүн ортосунда достуктун белгиси катары курулган «Манас» университети кѳптѳгѳн жетишкендиктерге жетишти. Учурда КТМУ Кыргызстанда дүйнѳлүк заманбап окуу жайы катары таанылып, билим берүү, илим изилдөө жана материалдык-техникалык базасы жагынан Кыргызстанда эң алдыңкы университетке айланды. Ал эми Орто Азиядагы 101 ЖОЖдордун арасынан алдыңкы орундардын катарын толуктады. Университет 23 жыл ичинде бир топ жетишкендиктерге жетишти. Албетте, бул ийгилик жалпыбыздын ийгилигибиз. Учурда бүтүрүүчүлѳрүбүз дүйнѳнүн 33дѳн ашык мамлекетинде ийгиликтүү иштеп жатышат.

2018-2019-окуу жылынын башталышында университетибизде кубанычтуу окуя болду. Себеби, Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Президенттери окуу жайга иш сапары менен келишти. Ѳлкѳ башчыларыбыздын жылуу сѳздѳрү жана университеттин ишмердүүлүгүнѳ берген жогорку баасы бизге дагы чоң күч жана эрк берди. Кыргызстандын жана Түркиянын Президенттерине университеттин «Ардактуу доктору» наамын ыйгаруу биз үчүн чоң сыймык болду. Мындан ары да ѳлкѳ башчыларынын кѳрсѳткѳн колдоо жана ишенимин татыктуу аткаруу биздин милдетибиз.

1934-35-жылдары Түркиянын улуу лидери Мустафа Кемаль Ататүрк Совет мезгили ыдыраган кез келет, ошондо анын аймагындагы жашаган боордошторуңар менен бирге болгула. Муктаж болгон бир туугандарыңарга кол сунууга даяр болгула деп айтканы бар. Анын кѳрѳгѳчтүгү ушунда экен эки ѳлкѳ ортосунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети түзүлүп, бүгүнкү күнү ал максаттуу долбоордун жемишин бирге кѳрүп жатабыз. Андыктан “Манас” университетинин курулушу Ататүрктүн айтып кеткен керээздеринин бири десек жаңылышпайбыз”, - деп айтып келип, университеттин түптѳлүшүнѳ эмгек кылып, салым кошкондордун баарына ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин ректор 1923-жылы 29-октябрь күнү Түркиянын улуу Межлисинде Мустафа Кемаль Ататүрктүн демилгеси менен мамлекетти башкаруу ыкмасы катары республикалык ыкма, башкача айтканда элдин эгемендикке ээ болуп, демократиялык жол менен өзүн өзү башкаруу ыкмасы тандалып алынгандыгы тууралуу айтып берди.   

“Учурунда оор абалдан ѳткѳн 95 жылдык тарыхы бар Түркия Республикасы бүгүн экономикасы боюнча дүйнѳдѳ 13-орунда турат. Түркия ѳз жарандарына эле эмес, качкындардын да түбѳлүктүү мекенине айланды. Сирияда согуш башталган 2011-жылдан бери Түркияга келген качкындардын саны 5 миллионго чукулдады. 2017-жылы Түркия гуманитардык жардам жагынан глобалдык түрдөгү жоомарт өлкө аталды.

Баарыңыздарды Түркия Республикасынын курулушунун 93 жылдык майрамы менен куттуктайм жана Түрк дүйнөсү бекем, күчтүү боло беришин тилейм, ар дайым бар бололу, бир бололу!”.

Андан кийин гуманитардык факультетинин ага окутуучусу, доцент Женгиз Буяр “Эгемендүүлүктүн жарыяланышы” деген аталышта баяндама жасады. Кеченин соңу көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган концерттик программа жана «Эгемендүүлүк» кѳргѳзмѳсү менен аяктады.

Медиа Манас