Кабар жана жарыялар

Ректор жаңы министрди кызматка дайындалышы менен куттуктады

Ректор жаңы министрди кызматка дайындалышы менен куттуктады

2018-жылдын 7-ноябрында КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы Азамат Жаманкуловду КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушууга университеттин проректору, профессор Хусейин Ѳгүт, КТМУнун радио жана телевидение башкармалыгынын мүдүрү Бюлент Намал жана КТРКнын директорунун орун басары Кайрат Иманалиев да катышты.

Ректор профессор Себахаттин Балжы жаңы министрди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады: «Сиздин бул жооптуу кызматка дайындалганыңыз КТМУ, Кыргызстан жана Түрк дүйнѳсү үчүн жакшы жаңылык болду. Себеби, окуу жайыбыздын жаш кесипкѳй бүтүрүүчүсү мындай жооптуу кызматка дайындалганы бизди абдан кубандырды. “Манас” университети калк арасында аты аталып, абройго жетишип, үзүрлүү иштеп жатышкан бүтүрүүчүлѳрү менен ар дайым сыймыктанат.

Буга чейин сиз менен министрдин орун басары катары биргелешип жасаган иштерибизди ѳнүктүрүүнү улантып, мындан аркы да кызматташуудагы долбоорлорду ишке ашыруу, ѳлкѳбүздүн жана элдин жыргалчылыгы, Кыргызстандын туризм, тарыхый, маданий жана табигый мүмкүнчүлүгүн байытууга салымыбызды кошууга аракет кылабыз. Биз сиздин мыкты менеджер экениңизди да билебиз. Андыктан министрликтен түшкѳн сунуштарды кубануу менен кабыл алууга даярбыз. Сизге чын ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм”, - деди.

Ал эми министр Азамат Жаманкулов КТМУнун жетекчилигине жагымдуу куттуктоолору үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал “Манас” универстети менен жакын катышта экенин жана буга чейин бирге иштешкен долбоорлорду улантып, мындан ары да жаңы долбоорлордун үстүндѳ иштейбиз деген пикирин билдирди.

Жолугушуунун соңунда университтеттин ректору министрге белегин тапшырды.

Эске салсак, А.Жаманкулов «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү, ал 2015-жылы маданият министринин орун басарлыгына дайындалып, министрликтин алдындагы Туризм департаментин жетектеп турган.

Медиа Манас