Кабар жана жарыялар

Алдыңкы окутуучулар Ардак грамотасы менен сыйланышты

КТМУнун окутуучулары КРнын Билим берүү жана илим министринин «Ардак грамотасы» менен сыйланышты.

2018-жылдын 6-ноябрында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев окутуучуларга Ардак грамоталарын тапшырып, иштерине ийгилик каалашты.

Билим берүү тармагына кошкон салымдары, кѳп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн тѳмѳндѳгү окутуучулар Ардак грамота менен сыйланды:

Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары, ага окутуучу Анаркан Бектурова, ага окутуучу Аида Асылбекова, гуманитардык факультетинин чыгыш тилдер бѳлүмү орус тили жана адабияты программасынын ага окутуучусу Сагын Алаева, туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары, ага окутуучу Надира Турганбаева, саякат иши жана гид кызматы бѳлүмүнүн башчысы, доцент Бакыт Турдумамбетов, ресторан иши жана кулинардык ѳнѳр бѳлүмүнүн ага окутуучусу Сапаргүл Турдубекова, студенттер жана бүтүрүүчүлѳр ассосациясынын жетекчиси Кыял Турдакунова.

 

Медиа Манас