Кабар жана жарыялар

Даярдоо курсунун студенттери менен баарлашуу жыйыны

 

Үстүбүздѳгү жылдын 1-ноябрь күнү университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзев чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсундагы кыргызстандык студенттери менен маектешүү кечесин өткөрүштү.

Маектешүү К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында жана анын жанындагы дарсканаларда өттү. Маектешүү кечеси алгач эки өлкөнүн гимни менен ачылып, андан соң окуу жайдын таанытуу тасмасын көрсөтүү менен улантылды.

Ректор өз сөзүндө студенттерди «Манас» университетинин босогосун атташы менен куттуктап, окууларына ийгилик каалады:

“Мен силерди КТМУнун студенти болуп, окууга киришиңер менен куттуктаймын. Университетте түзүлгѳн бардык мүмкүнчүлүктөн пайдалана билгиле, убактыңарды текке кетирбегиле. Дүйнөдө эмне болуп жатканынан маалымат алып тургула. Ар дайым ««Манас» университетинин студенти» деген наамды бийик кѳтѳрүп жүргүлѳ. Манастыктарга ийгилик гана жарашат. Кыргызстандын, Түрк дүйнѳсүнүн келечеги үчүн алга умтулуп, жакшы окугула».

Ал эми биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев студенттерге мындай деди: “ Университетте силер окуу менен эле чектелбей, спорт, чыгармачылык менен да алек болосуңар. Мен силерге окууда да, спортто да, чыгармачылыкта да чоң-чоң, албан ийгиликтерди каалап, жакшынакай жолдош күтүп, студенттик турмуш дайыма эсиңерде калгандай турмуш өткөрүүңөрдү каалайм.  Ѳзүңѳрдү ар тараптан өнүктүргүлө, кийинки муундарга үлгү кѳрсѳткүлѳ”.

Университет жетекчилери бардык студенттерге ийгилик каалоо менен бирге чет тилдер жогорку мектебинин жетекчилигине жана мугалимдерине жасап жаткан эмгектери үчүн ыраазычылык билдиришти.

 Жыйын эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Медиа Манас