Кабар жана жарыялар

Улуу жол башчы Ататүрк эскерилди

12-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университенинин К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктү эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара Түрк цивилизациясын изилдөө жана колдонмо борбору жана гуманитардык илимдер иниституту тарабынан уюштурулду.

Ага окуу жайыбыздын жетекчилиги, Түркиянын Кыргызстандагы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү, окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Иш-чара 1 мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндеринин жаңырышы менен башталды. Андан соң КТМУ тарабынан даярдалган “10-ноябрь” даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы Ататүрктүн бейнесине жана түрк дүйнөсүнүн келечегине токтолуп, “Манас2 университетинин түрк дүйнөсүндөгү орду чоң экендигин баса белгиледи.

Ал: “ Мустафа Кемал Ататүрк бир гана Түркия Республикасы үчүн эмес, баардык түрк элдеринин бактысына жаралган. Ал бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн негиздөөчүсү жана түрк тилдүү элдердин улуу жол башчысы. Ататүрк Түркияны дүйнөнүн “күчтүүмүн” деген мамлекеттери кысым көрсөтүп басып алганда, Ата-Мекен үчүн жанын аябай душмандар менен күрөшүп, мекенин коргоп элине ак эмгеги менен кызмат кылган. Анын эрдиги жана эмгеги эч качан унутулбайт, жүрөгүбүздө түбѳлүк сакталат. Ататүрк биримдик, ынтымак болгон жерде ырыс бар деп айткан. Ошондуктан биз баарыбыз биригип, ынтымакта иш алып барсак, бүткүл түрк дүйнөсү өнүгөт жана душмандар да бизге каршы чыга алышпайт. Ал эми Кыргыз-Түрк “Манас” университети  түрк дүйнөсүн бириктирген ынтымактын көпүрөсү болуп саналат”, - деди.

Андан кийин Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын атынан элчиликке караштуу билим берүү боюнча кеңешинин төрагасы Режеп Сула сүйлөп, Ататүрктүн басып өткөн өмүр жолуна токтолду.

Иш-чара гуманитардык факультеттин доценти Муратбек Кожобековдун жетектекчилигинде ѳткѳн пленардык жыйын уланды. Анда доцент Хасан Йылмаз “Ататүрктүн философиясы жана Ататүрктүн мезгилиндеги билимдин өнүгүшү” жана доцент Роза Абдыкулова “Ататүрк орус тилдүү изилдөөлөрдө” деген аталышта баяндамаларын сунушту.

Медиа Манас