Кабар жана жарыялар

«Мавлид ан-Наби» кечеси ѳткѳрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Абдүлкерим Сатук Буура Хан атындагы мечитинде Мухаммад Пайгамбарыбыздын туулган айынын урматына «Мавлид ан-Наби» кечеси өткөрүлдү. Ага университеттин  жетекчилиги жана кыргызстандыктар катышты.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Дин кызматтар кеңешинин өкүлү Шемсеттин Үнал “Манас Фм” радиосунун түз эфиринин коногу болуп, ал Мухаммад Пайгамбарыбызды эскерүү, таанытуу, ислам дининин баалуулуктары жана ислам дининде жаштардын орду тууралуу маектешти.

Медиа Манас