Кабар жана жарыялар

Табигый илимдер факультети: “Кош келдиң, даярдоо курсу”

15-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинини табигий илимдер факультетинин жогорку курсунун студенттери тарабынан даярдоо курсунун студенттерине факультетти танытуу максатында “Кош келдиң, даярдоо курсу” аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны табигый илимдер факультетинин деканы, профессор Али Осман Солак ачып, факультетти таанытты. Ошондой эле келечек жаштардын колунда экендигин баса белгилеп, университетте студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин жана ал мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу керектигин айтты.

Иш-чара чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас