Кабар жана жарыялар

Кино куржуну ийгиликтер менен толукталууда

Кино куржуну ийгиликтер менен толукталууда

Коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүлѳрү кинофестивалдарда сыйлыктарга татыды.

Үстүбүздѳгү жылдын 14-15-ноябрь күндѳрү Түркиянын Газиантеп Хасан Калионжу университетинде тѳртүнчү жолу ѳткѳн университеттер арасындагы «Алтын баклава» кинофестивалында Бегим Жолдубай кызынын «Узак» аттуу тасмасы эң мыкты даректүү фильм сыйлыгына ээ болду. Фильмдин кѳркѳм жетечиси ага окутуучу, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков.

Ошондой эле 12-16-ноябрь күндѳрү Бишкекте ѳткѳн "Бир дүйнѳ Кыргызстан" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалында Аяна Бектемированын “Тагдыр макумлары” жана Асель Сыдыкованын “Айыл үнү” тасмалары сыйлыкка татыды.

Аталган фестивалга Норвегия, Щвеция, Кытай Эл Республикасы, Россия Федерациясы, АКШ, Улуу Британия мамлекеттеринен, жалпысынын 18 өлкөдөн 55 документалдуу фильм ат салышкан. Алардын ичинен 24 тасма финалга чыгып, 8и эң мыкты даректүү фильм  деп табылды.

Медиа Манас