Кабар жана жарыялар

Кѳчмѳн элдердин мурасын даңазалаган симпозиум

Кѳчмѳн элдердин мурасын даңазалаган симпозиум

2018-жылдын 22-23-ноябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Салттуу оюндар жана спорт изилдөө борбору тарабынан Түрк тарых уюмунун, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын, Кахраманмараш мэрлигинин жана Муш Алпаслан университетинин колдоосу менен “III Эл аралык түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары”  симпозиуму болуп өттү.

Симпозиумдун негизги максаты - көчмөндөрдүн тарыхый, маданий, этнографиялык мурастарын дүйнөгө таанытуу болуп эсептелет.

Ачылыш аземин 22-ноябрь күнү симпозиумдун илимий кеңешинин башчысы профессор Канат Жанузаков ачып, анда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Түркиянын ЮНЕСКО жана Этноспорт өкүлү, профессор М. Өжал Огуз, Түркиянын Кахраманмараш шаарынын мэри Фатих Эркоч, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Шахзадан Тюмонбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданий иштер боюнча аттешеси Нури Шимшеклер сөз сүйлөп, куттуктоолорун билдиришти.

            Ачылыш сѳзүндѳ КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы иш-чаранын маанилүүлүгүнѳ токтолду: “Көчмөндөр цивилизациясы - дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамга берилген цивилизациялык улуу мурас катары, этноспорт жана этномаданиятты өнүктүрүүгө багытталган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын вазыйпасы, этностор жана элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркүндөтүү. Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен катар башталган бул симпозиумдун максаты - унутулуп бара жаткан оюндарыбызды кайрадан жандандыруу жана аны эл аралык деңгээлге чыгарып, олимпиадалык спорт оюндарын уюштуруу болуп саналат. Аталган симпозиумду Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ѳткѳн 2014-жылдан баштап ѳткѳрүп келе жатабыз. Ошону менен бирге ѳнүгүү доорунда дүйнө жүзүндөгү этностор жана элдер арасындагы көп жактуу тарыхый, маданий мурастарды сактап калуу, улуттук оюндарыбызды изилдеп, аны дүйнөгѳ кеңири таанытууну максатын кѳздѳп университетте салттуу оюндар жана спорттук оюндарды изилдөө борборун ачканбыз”.

Андан кийин университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев ѳлкѳбүздѳ ѳткѳн I, II жана III Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын алкагынын негизинде Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Эл аралык түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары” симпозиуму уюштурулуп, илимий ѳңүттѳ ѳткѳрүлгѳн иш-чарага болгон даярдыктар ѳз максатына жеткендигин жана ата-бабалардан мурас болуп калган салттуу оюндарды кийинки муундарга өткөрүп берүү керектигин айтты. Ошондой эле кийинки IV Дүйнѳлүк көчмөндөр оюндары Түркия Республикасында ѳтѳ тургандыгына байланыштуу “Эл аралык түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары” симпозиуму да Түркияда ѳткѳрүлүшү күтүлүүдѳ деп белгиледи.

КРнын  Президенттик Аппаратынын өкүлү Шахзадан Тюмонбаев Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда маанилүү окуялардын бири болуп калганын белгилеп: “Көчмөндөр оюндары көчмөн калктардын мурасын кайрадан жандандырып, көчмөн элдердин башын бириктирген достуктун символу болуп калды. Спорттук, маданий иш-чаралар жогору деңгээлде өткөнүнѳ баарыбыз күбѳ болдук. Дүйнөнүн төрт бурчунун келген коноктор көчмөндөрдүн маданиятына суктанып, кыргыз элинин мекенчилдигин жана меймандостугун баалап кетишти. Көчмөндөр оюндарынын мыкты деңгээлде өтүшүнө салым кошуп, колдогондордун бири Түркия Республикасы болду. Учурдан пайдаланып, Сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем”, - деди.

Түркия Республикасынын  Кыргызстандагы элчилигинин маданий иштер боюнча аттешеси Нури Шимшеклер 2020-жылы Түркияда өтө турган кийинки IV Дүйнѳлүк көчмөндөр оюндарында бир гана спорттук оюндар эмес, жалпы түрк калктарынын дүйнѳ маданиятына кошкон маданий мурастары дүйнөгө кеңири даңазалана турганын айтты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев: “Түрк тилдүү элдердин маданиятын көчмөн оюндары аркылуу башка форматта чагылдырып жатабыз. Салттуу оюндарды илимий жактан изилдеп жатканыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”, - деп симпозиумдун ишине ийгилик каалады.

Түркиянын ЮНЕСКО жана  Этноспорт өкүлү, профессор профессор М. Өжал Огуз салтуу оюндарды таанытууда ЮНЕСКОнун  ролун айтып, Кыргыз Республикасына жана КТМУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын расмий бѳлүгүнѳн кийин Түрк дүйнөсүнө жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ѳткѳрүлүшүнѳ кошкон салымдары үчүн университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы менен биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаевге белек тапшырылды.

Эки күнгө созулган симпозиумга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Россия, АКШ, Пакистан, Өзбекстан, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдөн 150 билдирүү келип түшкѳн. Алардын 103ү кабыл алынып, колдоого алынган.

Симпозиумда негизинен аталган спорттук оюндарды илимий жааттан терең жана ар тараптуу изилдѳѳдѳ пикир алмашуулар болуп, салттуу спорттук оюндардын келип чыгышы, калыптануусу, тарыхый-этнографиялык мааниси жана жалпы түрк калктарынын дүйнө маданиятына кошкон салымы кеӊири талкууланды.            

 

Медиа Манас