Кабар жана жарыялар

"Бакыт" тасмасы "Эң мыкты коюучу-оператор"

"Бакыт" тасмасы «Hak-İş эл аралык кыска метраждуу тасмалар» фестивалында сыйлык алды.

Түркияда ѳткѳн "Hak-İş эл аралык кыска метраждуу тасмалар" фестивалында коммуникация факультетинин радио-телеберүү жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү Mээрим Догдурбекова менен Алмаз Супатаевдин "Бакыт" тасмасы "Эң мыкты коюучу-оператор" сыйлыгына ээ болду.

Аталган фестиваль 28-ноябрь күнү Түркиянын Анкара шаарында 7-жолу ѳткѳрүлүп, ага 148 ѳлкѳдѳн 4504 тасма катышкан.

Медиа Манас