Кабар жана жарыялар

Кахраманмараш шаар мэринин зыяраты

Кахраманмараш шаар мэринин зыяраты

Кахраманмараш шаарынын мэри Фатих Мехмет Эркоч Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келип кетти.

2018-жылдын 21-ноябрында Кахраманмараш шаарынын мэри Фатих Мехмет Эркоч университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы менен кѳрүштү. Ошону менен бирге окуу жайдын жетекчилери жана башкаруу кеңешинин мүчѳлѳрү менен жолугушуп, таанышты.

Жолугушууда окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы КТМУнун ишмердүүлүгү жана Кыргызстандагы ордуна токтолду: “23 жылдык тарыхы бар Кыргыз-Түрк “Манас” университети эки ѳлкѳ ортосунда “алтын кѳпүрѳ” болуп, кыргыз-түрк достугун чындоого ѳз салымын кошуп келе жатат. Учурда КТМУ Түрк дүйнѳсү сыймыктанган дүйнѳлүк заманбап окуу жайы катары таанылып, билим берүү, илим изилдөө жана материалдык-техникалык базасы жагынан Кыргызстанда эң алдыңкы университетке айланды. Түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарынын бири, көчмөн калктардын мурасы болгон салттуу спорттук оюндарды кайрадан жандандырып, аны келечек муунга өткөрүп берүү иштерин ишке ашырууда кѳрсѳткѳн колдооңуздарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз”.

Андан кийин университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев өз сөзүндө: “Кахраманмараш шаардык мэриясы менен КТМУнун ортосунда бир топ кызматташуу иштери ишке ашырылды. Түркиянын Кахраманмараш шаардык мэриясы менен университеттин кызматташуусу Кыргызстан үчүн жаңылык десем жаңылышпайм. Себеби, буга чейин мэрия тарабынан билим берүү тармагына мындай колдоолор болгон эмес. Сиздер бир гана шаардын көйгөйлөрүн чечүү менен чектелбестен, жалпы түрк дүйнөсү үчүн маанилүү болгон иштерге колдоо кѳргѳзүп жатасыздар. Учурдан пайдаланып, жалпы мэрия жетекчилигине ыраазычылык билдирем”, - деди.

Ал эми Кахраманмараш шаарынын мэри Фатих Мехмет Эркоч: “Бүгүн бизди окуу жайдын ректору менен жалпы жамааты ѳзгѳчѳ жылуу тосуп алгандыгы кубандырды. Кыргыз-Түрк “Манас” университети маанилүү милдетти жана жоопкерчиликти мойнуна алган. Түрк дүйнөсү үчүн бул жер Орто Азиянын жүрөгү болуп саналат. Кыргызстан эң маанилүү тармакта, мындайча айтканда, маданият жана социалдык багытта чоң роль ойнойт. Жалпы түрк калктарынын маданиятын даңазалаган Кыргызстан менен сыймыктанабыз. Буйруса, алдыда дагы көптөгөн иштерге ортоктош болуп, бирге кызматташабыз деген үмүттөмүн. Түркия эли кыргыз калкы менен бирге экендигине жана мындан кийин да ушундай биримдикте болот деп терең ишенем”, - деген оюн билдирди.

Жолугушуунун алкагында Кахраманмараш шаарынын мэри Фатих Мехмет Эркоч, университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Андан кийин 22-23-нобрь күндөрү ѳтѳ турган “III эл аралык түрк элдеринин салттуу спорт оюндары” симпозиумунун уюуштуруу комитетинин мүчѳлѳрү КТМУнун Археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясын зыярат кылышты.

Кахраманмараш шаарынын мэри Фатих Мехмет Эркочтун жолугушуу зыяраты университеттин дене тарбия жана спорт жогорку мектебин, салттуу оюндар жана спорттук оюндарды изилдөө борборуна баруу менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас