Кабар жана жарыялар

Университет жетекчилери “Кыргыз тили” тѳш белгиси менен сыйланышты

 

Окуу жайдын жетекчилери “Кыргыз тили” тѳш белгиси менен сыйланышты.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев “Кыргыз тили” тѳш белгиси менен сыйланышты. Аталган сыйлык менен гуманитардык факультетинин педагогика бѳлүмүнүн башчысы, профессор Акматали Алимбеков да сыйланды.

Аталган тѳш белги мамлекеттик тилди жана кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө, тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымдары үчүн КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан ыйгарылды.

Сыйлыкты үстүбүздѳгү жылдын 5-декабрында Кыргыз-Түрк Манас университетинин базасында ѳткѳн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыялаган “Тил жана Айтматов” үч айлыгын жыйынтыктоочу “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз” атуу салтанаттуу иш-чаранын учурунда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын тѳрагасы Назаркул Ишекеев тапшырды.

Медиа Манас