Кабар жана жарыялар

Табигый илимдер институтуна магистратура жана докторантура (Ph.D) багыттары боюнча кабыл алуу конкурсу жарыяланат

Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Табигый илимдер институту

 

2019–2020-окуу жылынын күзгү семестринде төмөндө көрсөтүлгөн магистратура жана докторантура (Ph.D) багыттары боюнча  кабыл алуу конкурсу жарыяланат.

 

ИЛИМИЙ БАГЫТТАР ЖАНА БӨЛҮНГӨН ОРУНДАР

 

Багыттар

МАГИСТРАТУРА

ДОКТОРАНТУРА

ТР

БК

ТР

БК

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР ИНСТИУТУ

Программдык инженерия (Комьютердик инженерия)

3

5

2

1

3

1

Биология

2

6

2

2

2

1

Агрономия (Өсүмдүк коргоо)

1

5

1

-

-

-

Жаратылышты колдонуу жана экология (Экологиялык инженерия)

1

5

2

-

-

-

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (Тамак-аш инженерлиги)

1

4

1

1

2

1

Математика

2

7

1

2

2

1

Химиялык технология (Химиялык инженерия)

2

7

1

1

3

1

 

 

25-июнь, 2019-ж.

Документтерди кабыл алуунун акыркы күнү

01-03июль, 2019-ж.

Адистиги боюнча кирүү сынагы (жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлөт)

11-12 июль, 2019-ж.

Программаларга катталуу

 

КАБЫЛ АЛУУ  ШАРТТАРЫ:

  1. Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек. Докторантурага тапшыра турган талапкердин магистрдик жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу талап кылынат.
  2. Докторантура (D) программасына тапшырыш үчүн талапкер: магистрдик дипломдун; даярдоо курсунан сырткары толук 5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломдун; даярдоо курсунан сырткары толук 10 семестрдик медициналык, стоматологиялык жана ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүсү экенин тастыктаган дипломдун; же бакалаврдык дипломдун ээси болуп бирок Саламаттыкты сактоо министирлиги койгон талаптарга жооп берген лаборатория багытында адистиги тууралуу дипломдун ээси болушу керек.  Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу  талап кылынат.
  3. Магистратура программасында чет тил сынагы милдеттүү эмес. Бирок Кыргыз-Түрк Манас университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык деңгээлдеги чет тил сынагы жыйынтыгынын 15 пайызы кирүү сынагынын жалпы жыйынтыгына кошулат.
  4. Докторантура (D) программасына тапшырыш үчүн талапкер университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген чет тил сынактарынын сертификаттарына ээ болуусу керек. Түркия Республикасынын  Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 55 тен жогору же болбосо Кыргыз-Түрк Манас Университети  Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 60 тан жогору баллга ээ болуусу,  же болбосо эквиваленттүүлүгү университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык деңгээлде таанылган бир чет тил сынагынан же  Түркия Республикасынын Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борборунун  чет тил сынагынан эквиваленттүү балл алуусу керек. Чет тил сынагынын баллы  “Кыргыз-Түрк Манас университетинин чет тил сынактарын эквиваленттештирүү таблицасына” жараша эсептелинет. Доктордук (Ph.D)  илимий багыты боюнча чет тилден адистиги болгон талапкер, чет тил сынагынан башка бир чет тил боюнча тапшырат. Чет тил сынагына кире турган КМШ (Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.
  5. Магистратурага жана докторантурага (D) тапшырган талапкер; Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү министрлигинин дипломду нострификациялагандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемесинен берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү керек. Башка өлкөлөрдүн жарандары КР, же болбосо ТРын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун таанылгандыгы  тууралуу маалымкат көрсөтүүсү зарыл.
  6. КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

 

  1. Тапшыруу анкетасы (Түркия жана башка өлкөлөрдөн тапшыргысы келген  талапкерлер e-mail аркылуу байланышкандан кийин каттоо үчүн керек болгон документтерди төмөндө берилген e-mail адреси аркылуу жөнөтүшсө болот). http://manas.edu.kg интернет адресинен же болбосо институттан e-mail аркылуу алынат.
  2. Магистратура программасы үчүн бакалаврдык же 5 жылдык жогорку окуу жайдын дипломдун о.э, дипломдун баалары коюлган тиркемесинин тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.;
  3. Докторантура үчүн 5 жылдык жогорку окуу жайдын диплому жана магистрдик дипломдордун о.э, дипломдун баалары коюлган тиркемесинин тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.
  4. Паспорттун көчүрмөсү.
  5. 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт
  6. ALES (Акыркы 36 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT (Акыркы 60 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынактарынын жыйынтыгынын оригиналы.
  7. YDSTS, Кыргыз-Түрк «Манас” университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эларалык деңгээлдеги чет тил сынактарынын сертификаттарынын түп нускасы же тастыкталган көчүрмөсү.
  8. Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн талапкер үчүн).
  9. Каттоо үчүн 200 сом (e-mail аркылуу тапшыргандар сынактан мурун төлөш керек).
  10. Өмүр баян.

Адрес:

Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал мкр,  Ч. Т. Айтматов атындагы кампус,  Табигый илимдер институтунун  имараты, 1-кабат, 104-каб, (Студенттик бөлүм). Документтерди кабыл алуу Бишкек убактысы боюнча саат  08:30 дан17:30 чейин жүргүзүлөт

Телефон: 00 996 (312) 49 27 88  ички тел.:2321

http://manas.edu.kg, электрондук адрес: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

           

КОШУМЧА МААЛЫМАТ:

  1. Башка адистик багытын же башка окуу жайын бүтүргөн талапкерлер тапшырган магистратура жана докторантура (D) программаларынын багытына карата айырма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катыша алат.
  2. Толук эмес документтер кабыл алынбайт.
  3. Сынактан өтүп, ийгиликтүү окуган магистранттарга жана докторанттарга Ректорлук тарабынан стипендия берилет.
  4. КР –Кыргыз Республикасынын, ТР-Түрк Республикасынын жарандары, ал эми БК болсо башка республикалардын жарандарын түшүндүрөт.

 

МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph. D) ПРОГРАММАЛАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

 

Арыз

Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү интернет адресинен табууга http://manas.edu.kg/index.php/kg/fbe-кабыл-алуу-шарттары-sbe  бутонун басып же болбосо Институттан электрондук почта аркылуу алууга болот.

 

Маалымат: Туура эмес же жетишсиз маалымат берген талапкердин арызы жараксыз деп эсептелинет.

 

Милдеттүү тилдер:

Магистратура жана докторантура программаларында билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Эгер, бул тилдердин кайсы бири талапкердин эне тили болсо же болбосо бакалавриатта ошол тилде билим алган болсо, ал талапкер бул тилдердин сынагынан бошотулат.  Бул тилдерди билбеген талапкер тил сынагына кирүүгө (67 ден жогору балл алышы керек) же КТМУнун тил боюнча даярдоо курсуна катышууга тийиштүү.

Каттоо:

Кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган талапкерлер жарыяда көрсөтүлгөн убакыт ичинде тийиштүү программаларга катталышы керек. Убагында каттоодон өтпөгөн талапкер тийиштүү программага кабыл алынбайт. Мындай талапкердин ордуна резервдеги талапкер кабыл алынат. Чет өлкөлүк талапкерлер электрондук почта аркылуу тийиштүү документтерди жибере алышат. Туура эмес же толук эмес документтер кабыл алынбайт.

Керектүү документтер: жогорку билими тууралуу диплом же окууну бүтүргөндүгү тууралуу маалымкат (түп нускасы), жетишүү табели, паспорттун көчүрмөсү, эки даана сүрөт, чет өлкөдө билим алган талапкерлердин  өз өлкөсүнүн тийиштүү органы тарабынан дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл.

Багыты боюнча даярдоо:

Магистратура жана докторантура программаларына башка бөлүмдөн тапшырган талапкерлер тийиштүү программа талап кылган даярдоо курсуна катышышат.

Бош квотаны колдонуу:

Жарыяда көрсөтүлгөн квоталардын кайсы бирине талапкер тапшырбаган учурда, Бөлүм башчылыгынын сунушу менен бош калган квотага кирүү сынагын ийгиликтүү тапшырган талапкер алынат.

Стипендия:

Магистрант жана  докторанттарга Кыргыз-Түрк Манас университетинин  «Стипендия берүү»  жобосуна ылайык  3 категорияда стипендия берилет. Кирүү стипендиясы, жетишкендик  жана  муктаждык стипендиясы (чет өлкөлүк жарандар үчүн).

Башка шарттар:

Төмөндөгү таблицаларда магистратура жана докторантура программаларына кайсы бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнүн тапшыра ала тургандыгы белгиленген, ALES сынагынын кайсы түрүнүн кабыл алына тургандыгы жана чет тили көрсөтүлгөн.

 

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

Билим багыты

Талапкердин бүтүргөн бөлүмү

ALES

сынагы

Чет тил

Магистратура

Докторантура

 Түрү

Баллы

Биология

Биология; Биоэкология; Биотехнология; Биология мугалими; Биохимия, Биофизика, Биоинженерия; Молекулярдык биология жана генетика; Генетикалык инженерия.

 

Экологиялык инженерия,* Экология;* Ветеринария;* Айыл чарба;* Медицина;* Тамак-аш инженериясы.*

Биология; Биоэкология; Биотехнология; Биология мугалими; Биоинженерия; Биохимия;Биофизика;  Молекулярдык биология жана генетика; Генетикалык инженерия.

 

Экологиялык инженерия,* Экология;* Ветеринария;* Айыл чарба;* Медицина;* Тамак-аш инженериясы.*

Так илимдер

55

 

англис тили

Өсүмдүк коргоо

Өсүмдүктү коргоо.

 

Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү;* Биология;* Токой чарба;* Агрономия;* Биоэкология.*

-

англис тили

немис тили

Программдык инженерия (комьютердик инженерия)

Программдык инженерия; Компьютердик инженерия; Компьютер билим берүүдө жана инструктуалдык технологияда; Маалымат технологиялары; Математикалык камсыздоо жана информациондук системаларды администрлөө; Маалымат коопсуздугу; Информатика жана эсептөө техникалары; Информациондук системалар жана технологиялар; Интернет технологияларын башкаруу; Электроника; Электрондук инженерия.

 

Математика;* Колдонмолуу математика жана информатика.*

Программдык инженерия; Компьютердик инженерия; Компьютер билим берүүдө жана инструктуалдык технологияда; Колдонмолуу математика жана компьютер билими; Маалымат технологиялары; Математикалык камсыздоо жана информациондук системаларды администрлөө; Информатика жана эсептөө техникалары; Маалымат коопсуздугу; Информациондук системалар жана технологиялар; Интернет технологияларын башкаруу; Компьютердик программалоо тилдери; Электроника; Электрондук жана маалымат байланыш инженериясы.

 

Программдык инженериясы; Компьютердик инженерия; Математика жана колдонмолуу математика багыттарында бакалавр даражасына жана ошол эле учурда  экономика, менеджмент, финансы билим багытында магистрдик даражага ээ болсо.*

англис тили

Жаратылышты колдонуу жана экология (экологиялык инженерия)

Экологиялык инженерия.

 

Экология жана жаратылыш ресурстарын колдонуу;* Тамак-аш инженериясы; * Химиялык инженерия.*

-

англис тили

Математика

Математика; Колдонмолуу математика жана информатика

Математика; Колдонмолуу математика жана информатика

англис тили, немис тили, француз тили,

орус тили**

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы

Тамак-аш инженериясы.

 

 

Экологиялык инженерия;* Химиялык инженерия;* Тамак-аш жабдуулары;* Тамак-аш технологиясы.*

Тамак-аш инженериясы.

 

 

Экологиялык инженерия;* Химиялык инженерия;* Тамак-аш жабдуулары;* Тамак-аш технологиясы.*

англис тили, немис тили,

орус тили**

Химиялык технология (Химиялык инженерия)

Химиялык инженерия; Химиялык технологиясы.

Экологиялык инженерия;* Тамак-аш инженериясы;* Биоинженерия;* Химиялык жана биологиялык инженерия;* Химия*.

Химиялык инженерия; Химия технологиясы.

Экологиялык инженерия;* Тамак-аш инженериясы;* Биоинженерия;* Химиялык жана биологиялык инженерия;* Химия.*

англис тили

*Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программалардын багытына карата айырма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катыша алат.

**Чет тил сынагына кире турган КМШ (Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.