Кабар жана жарыялар

Эки ѳлкѳнүн Парламент төрөгалары Манас университетинде

2018-жылдын 7-декабрында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, 2018-жылы ичинде ѳткѳрүлгѳн “Биз билген, биз билбеген Айтматов” аттуу иш-чаранын жыйынтыктоочу салтанаттуу аземи болуп ѳттү.

Жыйынга КРнын Жогорку кеӊешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым баштаган делагация ѳкүлдѳрү, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Ч.Айтматовдун биртууган карындашы, профессор Розетта Айтматова, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, айтматовтаануучулар, илимпоздор, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн улуттук гимни менен башталып, театралдаштырылган концерттик программа менен коштолду.

Жыйында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек  Кулмырзаев ачылыш сөздөрүн сүйлөшүп, эки өлкөнүн Парламент төрагаларына ыраазычылык билдиришти.

Ректор, профессор Себахаттин Балжы: “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түрк дүйнѳсүнүн чыгаан уулу, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жыл бою эскерилип, жазуучунун туулгандыгынын 90 жылдыгына арналган бир топ иш-чаралар ѳттү. Бүгүн 2018-жылы ичинде ѳткѳрүлгѳн “Биз билген, биз билбеген Айтматов” аттуу иш-чаранын жыйынтыктоочу салтанаты эки өлкөнүн Парламент төрагаларынын катышуусу менен ѳтүп жатышы бизди абдан кубандырып жатат. Окуу жайыбызга үстүбүздѳгү жылдын сентябрында эки өлкөнүн Президенттери да келип кетишкени баарыбызга маалым. Учурдан пайдаланып дагы бир ирет эки өлкөгө тең ыраазычылыгымды билдирем. Университетибиз эки өлкөнүн ынтымыгы үчүн кызмат кыла бермекчи. Окуу жайыбыз жылдан жылга өнүгүп жатат. Бүгүнкү күнү университет Орто Азиядагы 101 окуу жайдын ичинен алдыңкы бешинчиге кирди. Бул биз үчүн чоң сыймык”, деп университеттин жетишкендиктерине токтолду.

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси жыл бою Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет мамлекеттерде да эл аралык деңгээлде татыктуу белгиленип жатат. Бүгүнкү университетте ѳтүп жаткан иш-чарабыз да эки мамлекеттин тѳрагаларынын катышуусу менен ѳтүп жатканы да бизди чексиз кубандырды. Чынында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өз чыгармалары аркылуу кыргыз улутун, кыргыз элин бүтүндөй ааламга даңазалаган. Дүйнө эли Чынгыз десе кыргызды, кыргыз десе Чынгызды тааныган. Келечекте улуу жазуучунун жолун улай турган жаштар биздин окуу жайдан чыгарына ишенем”-деди.

Төрага Дастан Жумабеков түрк парламентинин ушул куттуу жайда Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналып өткөрүлгөн иш-чарага катышып жатканы үчүн кубанганын жашырган жок.

“Чыңгыз Айтматов – кыргыз эли гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанган улуу жазуучу. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын мурасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кайра-кайра басылып чыгууда. Кыргыз элин эки улуу инсан бириктирип да, бийиктетип да турат. Анын бири ушул университетке ысымы берилген Манас баатыр болсо, бири – даңазалуу Чыңгыз Айтматов агабыз экени талашсыз. Бир мезгилде Манас бүтүндөй элдин башында туруп, өзүнүн баатырдыгы менен элди жоодон сактап бириктирсе, Чыңгыз агабыз бүтүндөй жер шаарына кыргыздын ким экенин, улутубуздун улуулугун таанытты. Анын калтырган бай мурасын сактоо - биздин башкы парзыбыз. Бул жаатта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бир жыл бою көптөгөн иш-чараларды өткөргөнүнөн кабарыбыз бар. Ал үчүн өтө кубанычтабыз”, - деп кыргыз-түрк достугу да түбөлүктүү болуп, боордош эки элдин ынтымагы бекемделе беришине тилектеш экенин белгиледи.

Ал эми Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым Улуу Манас мекендеген жерге келгенине ыраазы экенин кубануу менен билдирди: “ Кыргызстан менен Түркия бир тууган, боордош өлкөлөр. Эки башка мамлекет болгонубуз менен биздин тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз, каада-салттарыбыз бизди жакын кылып, тыгыз байланыштырып турат. “Манас” эпосу - кыркыздардын эле эмес, ал бүтүндѳй түрк тилдүү элдердин улуу дастаны. Анда түрк элдеринин жашоо турмушу, ынтымагы кеңири чагылдырылган. Эки мамилекетти байланыштырып турган дагы бир баалуулук – бул  Кыргыз-Түрк “Манас” университети. Эки ѳлкѳнүн достугунун символу болгон бул университеттин келечеги кең”, -деп Түркияда Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окушарын, аны азыркы замандын залкар жазуучусу катары билише турганын билдирди. Ошону менен бирге, Айтматов планетардык мааниге ээ болгон жалпы түрк дүйнөсүнүн сыймыгы болуп саналарын кошумчалады.

“Чыңгыз Айтматов айтып бүткүс чалкып жаткан океан. Анын терең философиялуу чыгармалары бүтүндөй адамзатка руханий кулазык болууда. Ал бир гана кыргыз элинин эмес, бүтүндѳй түрк дүйнѳсүнүн сыймыгы жана бактысы. Быйыл анын 90 жылдык мааракеси Түркияда да кызуу белгиленүүдө”, - деди.

Жыйындын акырында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө иштеринин алкагында гуманитардык, коммуникация жана көркөм өнөр факультеттери тарабынан университетибиздин студенттери арасында акыркы үч айдан бери өткөрүлүп жаткан “Биз билген, биз билбеген Айтматов” деген аталыштагы конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Аталган конкурска 100гө жакын студент катышып, алардын иштерин баалоодо комиссия тарабынан биринчи кезекте макала, дилбаян жана ырлардын оригиналдуулугу эске алынды.

Сыйлыктар “Илимий макала”, “Дилбаян” жана “Ыр” деген үч номинация менен тапшырылып, жеңүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнактары тапшырылды. I даражадагы жеңүүчүлөргө Ч.Айтматовдун 10 томдугу, II даражадагы жеңүүчүлөргө Ч.Айтматовдун 2 китеби, С.Станалиевдин 1 китеби жана профессор Л.Үкүбаеванын 1 китеби,  III даражадагы жеңүүчүлөргө Ч.Айтматовдун 2 китеби белекке берилди.

Медиа Манас

Мындан тышкары конкурска өзүнүн ишин жиберген ар бир катышуучуга сертификат тапшырылып, иш-чара жыйынтыкталды.