Кабар жана жарыялар

Улуттук мурастар боюнча интеллектуалдык оюндар башталды

Студенттер арасында улуттук мурастар боюнча интеллектуалдык оюндар ѳтүп баштады.

Үстүбүздѳгү жылдын 14-декабрында КТМУда «Өлкөлөрдүн улуттук мурастары» аттуу интеллектуалдык оюндар сериясынын 1-оюну, «Өзбекстандын улуттук мурастары» деген темада өттү. Оюн Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Бишкек шаарындагы ЖОЖдордон түзүлгѳн командалар арасында жүргүзүлдү.

Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан, улуттар аралык достук жана ынтымакты бекемдөө, боордош өлкөлөрдүн маданий баалуулуктары менен жакындан таанышуу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында КТМУнун таанытуу тасмасы коюлуп, андан соң окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы сѳз сүйлөдү. Анда ректор КТМУнун эшиги башка окуу жайдын студенттери үчүн да ар дайым ачык экендигин билдирди. Ал эми Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ушундай иш-чаралардын негизинде гана ынтымакты чыңдоого болоорун белгилеп, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.
Калыстар тобу 3 адамдан турду, алар: калыстар тобунун төрайымы, тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу Роза Абдыгулова, КТМУнун студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчиси Кыял Турдакунова жана ѳзбекстандык бүтүрүүчү Абдысаттар Инанов болушту.

Оюн 2 тур менен ѳттү. 1-тур командалык таймаш жана 2-турда мыкты оюнчуну тандоо болду. Жыйынтыгында 9 университеттин арасынан 1-орунду И.Арабаев атындагы КМУнун «Билге» командасы, 2- орун К.Карасаев атындагы БГУнун “Омад” командасы, ал эми 3-орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Манас” командасы багындырышты. Ал эми мыкты оюнчу наамы И.Арабаев атындагы КМУнун «Билге» командасынын мүчөсү Хайдаров Курманбекке ыйгарылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргѳ грамота жана баалуу белектер тапшырылды.

Медиа Манас