Кабар жана жарыялар

Манастын студенттери ар дайым алдыда

2018-жылдын 11-декабрында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 90 жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматов – адабий аалам адамы” аттуу жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында адабий чыгармачылык кече болуп ѳттү.

Кечеде театралдык постановка боюнча гуманитардык факультеттин түркология бѳлүмүнүн студенттери 1-орунду алышты, жетекчиси Чынара Жылкычиева. Ошондой эле коммуникация факультетинин РТС бөлүмүнүн студенттери 1-орунду ээлешти, жетекчиси Райхан Таштемирова.

Эссе жана дилбаяндар сынагы боюнча коммуникация факультетинин коом менен байланыш бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Чынара Мырзаева 1-орунду ээледи, жетекчиси Мира Ибраева. Ал эми түркология бѳлүмүнүн 1-курсунун студенти Зыяда Шамуратова 2-орунга татыды жана көркөм окуу сынагы боюнча коммуникация факультетинин РТС бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Арууке Жумабекова 3-орунду ээледи, жетекчиси Алтынбек Исмаилов.

Ошондой эле 10-декабрда Чет тилдер жогорку мектебинин кыргыз тили координаторлугунда Айнура Бейшееванын демилгеси менен уюштурулган Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Айтматов ааламынан бир үзүм” аттуу театрлаштырылган программа ѳттү. Ал эми 11-декабрь күнү Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында “Ч.Айтматовдун чыгармаларында адеп жана укук маселелери” аттуу IX  жождор аралык студенттик илимий-практикалык конференция болду. Бул конференцияда даярдоо курсунун кыргыз тили координаторлугунун студенти Эльвира Абдразакова 2-орунду ээледи, жетекчиси Айнура Бейшеева.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/3022-manas-ar-dayym-aldyda.html