Кабар жана жарыялар

Туризмге кош келдиң

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинде "Туризмге кош келдиң" иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чара К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында 2018-жылдын 14-декабрында ѳтүп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы катышты.

 Окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы ѳз сѳзүндѳ туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби Орто Азиядагы туризм боюнча билим берген абройлуу факультеттердин бири экендигин белгилеп, Кыргызстан туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий жактан өтө чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин жана студенттерге мындай мүмкүнчүлүктѳрдѳн пайдалануу жана талапка ылайык адис болуу керектигин айтты.

Жогорку мектептин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем дүйнөдөгү туризм индустриясынын азыркы абалы жана келечекке багытталган долбоорлор жөнүндө статистикалык кабар берүү менен бирге туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин айрым бүтүрүүчүлөрүнүн учурда иштеп жаткан компания жана кызматы тууралуу да маалымат берди.

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө сүйлөгөн жогорку мектептин кээ бир бүтүрүүчүлөрү, студенттерге ар түрдүү кеңештерин берди. Бүтүрүүчүлөр КТМУнун туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинде туризм боюнча сапаттуу билим берилерин жана жогорку мектеп өзгөчө шарттарга ээ экендигин айтып студенттерди бул шарттарды туура пайдаланууга чакырды. Аталган мектептин окутуучулары сапаттуу билим берээрин баса белгилеген бүтүрүүчүлөр, студенттердин бул кадрлардан татыктуу билим алуу тууралуу сунуштарын айтты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас