Кабар жана жарыялар

"Манас" социология кубогун утуп алды

КТМУнун гуманитардык факультетинин социология бөлүмү "Социология кубогу - 2018" аттуу мелдеште биринчи орунга ээ болду.

Аталган иш-чара гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн түптөлүшүнүн 10 жылдыгына байланыштуу уюштурулуп, КТМУ менен К.Карасаев атындыгы БГУнун социалдык психология факультетинин социология бөлүмүнүн ортосундагы кызматташтыкты ѳнүктүрүү максатын кѳздѳдү.

Мелдеш эки багытта ишке ашырылды. Конкурстун биринчи бөлүгү 5-декабрда "Студенттердин диспут жарышы", экинчи бөлүгү, 7-декабрь күнү волейбол боюнча "Спорттук мелдеш" негизинде ѳттү.

Мелдештин жыйынтыгы менен КТМУнун гуманитардык факультетинин социология бөлүмү социология кубогуна ээ болду.

Медиа Манас