Кабар жана жарыялар

КТМУнун студенттери биринчи орунду алышты

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде уюштурулган конкурста жеңүүчү болду.

Түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып 2018-жылдын 11-декабрында уюштурулган университеттер аралык конкурста КТМУнун студенттери актёрдук чеберчиликтери жана кѳркѳм окуусу менен калыстардын жана көрүүчүлөрдүн дагы купулуна толду.

Конкурстун катышуучулары 5 багытта аныкталып, Бишкектеги ЖОЖдор арасынан, жалпы 15 студенттик тайпа катышкан жарышта КТМУнун Студенттик тобу биринчи орунга ээ болду.

Даярдоо курсунун студенттери Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынан үзүндү аткарышты. Алар: биринчи мугалим Дүйшөндүн ролун Осман Йиген, Алтынайдын ролун Акмарал Өвездурдуева, Алтынайдын агасынын ролун Барыш Жем Тоган, Дүйшөндүн окуучуларынын ролун Айберк Каратегин, Мелих Тан, Зубейда Шахзадаева, Мейлис Овезов жана Агасахет Оразмырадов, ал эми Алтынайдын жеңесинин ролун түркология бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Элиза Бутаева аткарды.

Түркология бөлүмүнүн студенти Месут Жан Бинзет "Саманчынын жолу" повестиндеги “Майсалбектин каты” монологун аткарды. Ал эми чыгыш тилдер бөлүмүнүн кытай тили жана адабияты программасынын студенти Тугба Акташ Чыңгыз Айтматовдун экрандаштырылган жана түрк кинематографиясынын классикасына айланган "Кызыл жоолук жалжалым" киносунун музыкасын скрипкада ойноду.

Түркология бөлүмүнүн студенттери Элиза Бутаева, Идин Токтомамат кызы жана Бактыгүл Шерали кызы тарабынан уюштурулган "Кыргызча сүйлөйбүз" долбоорунун катышуучулары да активдүү катышуу менен жарыштын соңунда залдагы конокторду Айтматовдун чыгармаларын жети тилде окууга чакырды.

Биринчиликке ээ болгон КТМУнун студенттерине калыстар тобу тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Медиа Манас