Кабар жана жарыялар

Даярдоо курсунун студенттери үчүн багыт берүүчү жолугушуу өттү

Коммуникация факультетинде даярдоо курсунун студенттери үчүн багыт берүүчү (ориентациялык) жолугушуу уюштурулду.

2018-жылдын 19-декабрында коммуникация факультетинде даярдоо курсунун студенттерине карата багыт берүүчү жолугушуу өткөрүлдү. Ага  университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректор, профессор Хусейин Өгүт, окутуучулар жана студенттер катышты.

Даярдоо курсунун студенттери катышкан бул жолугушууда окуу жай жана коммуникация факультетиндеги бѳлүмдѳр тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле  факультеттин таанытуу тасмасы көрсөтүү менен башталып, 2018-2019-окуу жылында сыйлыкка ээ болгон жана ийгиликтүү студенттерге ыраазычылык баракчасын тапшыруу менен уланды.

Андан кийин ачылыш сѳзү факультеттин деканы Хамза Чакырга берилди. Ал даярдоо курсунун студенттеринин арасында Кыргызстанга биринчи жолу келгендери бар жана алардын кѳнүү-адаптация иштерине жардам кѳрсѳтүү иши биздин милдет деп билдирип, жогорку курстун студенттерин жаңы келген студенттерге жол кѳрсѳтүп, достошууга чакырды.

Ал эми КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы коммуникация факультетинин ѳзгѳчѳлүгүн баса белгилеп, факультетте сапаттуу билим алууга мыкты шарттар түзүлгѳнүн айтып, студенттерди мүмкүнчүлүктѳрдѳн пайдаланып, глобалдашуу мезгилинде ар тараптуу терең билим алууга жана кѳбүрѳѳк эмгектенүүгѳ үндѳдү. Сѳзүнүн соңунда студенттерге жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуу бөлүмдөрдү тааныткан видео-тасма жана студенттер тарабынан  даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас