Кабар жана жарыялар

Студентибиздин ѳлкѳ ичиндеги ийгилиги

Студенттерибиздин аракеттери эч токтоосуз уланууда.

КТМУнун студенти, Манас фм радиосунун алып баруучусу Эржан Байкулов республикалык сынакта ийгиликке жетишти.

2018-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Махабат Мавлянованын демилгеси менен уюштурулган «Идеология - менин көз карашым боюнча» темасында долбоорлор сынагынын жыйынтыгы чыгып, сынакта КТМУнун студенти Эржан Байкулов 3-орунга ээ болуп, атайын диплом жана смартфон менен сыйланды.

Эржан Байкулов 4-курста гуманитардык факультетинин котормочулук бөлүмүнүн кыргызча-түркчө котормо программасында окуйт.

 «Идеология менен көз карашым боюнча» темасындагы долбоорлор сынагына 200дѳй долбоор сунушталган. Алардын арасынан 11 долбоор гана финалга чыккан.

Мыктынын мыктысы болуп тандалып алынган Эржанды жеңиши менен куттуктайбыз.

Медиа Манас