Кабар жана жарыялар

Эл мурасы кѳргѳзмѳсү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Эл мурасы” аттуу кѳргѳзмѳ ачылды.

Аталган кѳргѳзмѳ көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмүнүн ага окутуучусу Бурул Мамбетова жана анын студенттери тарабынан даярдалды.

Иш-чара ректораттын көргөзмө залында ачылып, ага окуу жайдын жетекчилери, башкаруу кеңешинин мүчѳлѳрү, окутуучулар жана студенттер катышты.

Кѳргѳзмѳдѳ илинген компазициялар жүндѳн, чий жана жибектен жасалган. Анда кыргыздын маданияты, жашоо образы, турмуш-тиричилиги, кѳчмѳн духу, жана эстетикалык табити чагылдырылган.

Аталган чыгармалар студенттердин кол ѳнѳрчүлүк боюнча жасаган жарым жылдык иши болуп саналат.

Медиа Манас