Кабар жана жарыялар

Профессор Ж.Бѳкѳшов мамлекеттик сыйлык менен сыйланды

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин философия бөлүмүнүн башчысы, профессор Жамгырбек Бөкөшов философия илимине кошкон салымы жана ийгилиги үчүн “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмери” наамы менен сыйланды.

Профессор Жамгырбек Бөкөшов 2018-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жырлыгы менен мамлекеттик сыйлык - “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмери” наамын алды.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздѳгү жылдын 17-январында тапшырды.

КТМУнун жалпы жамааты Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмери, профессор Жамгырбек Бөкөшовду мамлекеттик сыйлыгы менен кызуу куттуктайт жана ишине ийгилик каалайт.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/3062-ktm-retim-yesine-cumhurbakanl-madalyas-verildi.html