Кабар жана жарыялар

БАУБ шахмат боюнча турнир старт алды

22-январда  КТМУда шахмат боюнча турнир башталды.

Шахмат боюнча мелдеш Борбордук Азия университеттери биримдиги тарабынан уюштурулду. Аталган турнир 22-24-январь күндѳрү жаштар арасында ѳтѳт. Ага 13 университеттен 51 шахматчы катышууда.

Эске салсак, БАУБ Кыргы-Түрк “Манас” университетинин демилгеси менен университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжынын жетекчилигинде иш алып баратат.

Турнирдин алгачкы таймашы 22-январь күнү БАУБ төрагасы, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаевдин катышуусу менен социалдык курулуштар имаратынын чоң залында старт алды. Оюн университеттин ректору Себахаттин Балжы жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаевдин алгачкы жүрүштөрү менен башталды.

Турнирди ачуу аземине университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев, КР дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин студенттик дене тарбия жана спортту өнүктүрүү  департаментинин өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана медиа ѳкүлдѳрү катышты.

Ачылыш азем эки өлкөнүн улуттук гимндеринин аткарылышы жана университеттин таанытуу тасмасынын кѳрсѳтүлүшү менен башталды.

Шахмат оюну боюнча турнирдин негизги максаты Кыргызстандагы жаштар арасында шахматты өнүктүрүү аны жайылтуу жана студенттер ортосундагы байланышты бекемдөө экендигин университеттин дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү Канат Жанузаков айтып, аталган турнир 24-январь күнү жыйынтыкталат деп билдирди.

Андан кийин окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы Борбордук Азия университеттери биримдигинин максаты жана иш-аракеттерине токтолду: “Учурда БАУБга 17 өлкөдөн 63 ЖОЖ мүчө болуп, бирге иш алып барууда. Анда окуу жайлар арасындагы студенттер жана мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, биргеликте билим берүү, маданий жана спорттук иш-чараларды ѳткѳрүү каралган. Ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, университеттердин сапатын жогорулатуу максаты да пландалган. Аталган биримдик жаштар арасында спорт оюндарын уюштурууга, ѳзгѳчѳ шахмат оюнун ѳткѳрүүгѳ маани берип жатат. Анткени шахмат – бул акыл оюну, ал жаштардын акыл-эсин ѳстүрүп, жакшы ой-жүгүртүүгѳ үйрѳтѳт. Учурда дүйнѳгѳ заман талабына жараша акыл менен билимди айкалыштырган билимдүү, акылдуу, жөндөмдүү жаштар керек. Бул оюн аркылуу тажрыйба алмашып, достук кѳпүрѳсүн да түзүүгѳ мүмкүн. Андыктан бири-бирибиз менен тажрыйба бѳлүшүп, биримдикте иш алып барсак, ийгиликтерди багындыра алабыз”, - деп иш-чаранын уюштуруучулары менен катышуучуларына ийгилик каалады.

КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов: «Акыркы убактарда шахматка болгон кызыгуунун жогорулашы бизди кубандырат. Учурда биз шахмат оюнун орто мектептин окуу программаларына киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Бунун себеби, шахматтын пайдасы көп, ал акылдын иштешин жогорулатат жана аң-сезимге берген тарбиялык мааниси да чоң. Ошондуктан акыл-эстүү жана күчтүү жаштарды тарбиялоо биздин милдет. Себеби жаштар биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн эртеңки келечеги болуп саналат”, - деди.

Бул иш-чаранын жаштарга арналышы да келечек муундар үчүн пайдалуу.

Ал эми Кыргаз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев менен КР дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин студенттик дене тарбия жана спортту өнүктүрүү  департаментинин төрагасынын орун басары Орозбеков спорттук мелдештерди уюштуруу менен келечекте ар кыл чөйрөдө мыкты жана өзүнө ишенген жаштарды тарбиялоого мүмкүн экенин баса белгилешип, жаштарды шахмат сыяктуу акыл оюндарга катышууга чакырды.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин иш-чара чакан концерттик программа менен соңуна чыкты. Иш-чара MEDIAMANASтын түз эфиринде берилди.

Медиа Манас