Кабар жана жарыялар

Түркиянын бизнес-ѳкүлдѳрү “Манаска» келишти

Түркиянын бизнес-өкүлдөрү университетке келишти.

Үстүбүздѳгү жылдын 23-январында Түркия Республикасынын бизнес-өкүлдөрү КРнын Айыл чарба министрлиги менен айыл чарба багытында мамилелерди жакшыртуу максатында Кыргызстанга келишкен. Иш сапарынын алкагында түрк ишкерлери университетти да зыярат кылып, окуу жайдын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуу ректоратта ѳтүп, ага КРнын Кайсери шаарындагы ардактуу консулу жана Борбор шаар платформасынын төрагасы Мустафа Курт, “Зират Тарым Маркет - агрардык айыл чарба техникасын өндүрүү” Акционердик коомунун башчысы Мухаммед Оздемир, КРнын Алматы шаарындагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ университеттин таанытуу тасмасы көрсѳтүлүп, ректор, профессор Себахаттин Балжы окуу жай тууралуу маалымат берди. Ал ѳз сѳзүндѳ түрктөр менен кыргыздардын түбү бир экенине токтолуп, түрктөр Орто Азиядагы бир туугандарына кѳп жылдардын кийин кайра кездешкен деди: “Биз бүгүн Ата-Журтубуз Кыргызстандабыз. Бул жер биздин ата-балаларыбыз жердеген жер. Кыргызстан биздин да Ата журтубузАтамекенибиз болгондуктан биз Кыргызстанды абдан жакшы кѳрѳбүз. Түрк эли менен кыргыз эли бир тууган эл.  Биздин тарыхыбыз, салтыбыз, ата тегибиз да бир. Кыргыз түрк элдеринин ортосундагы туугандык, достук карым-катнаштары мындан ары да өнүгө беришин каалайм», - деди.

Андан кийин Кыргызстандын Кайсери шаарындагы консулу жана Борбор шаар платформасынын башкы төрагасы Мустафа Курт Кыргызстанга келген иш сапарынын максатын айтып, “Манас” университети эки ѳлкѳнүн достугун бекемдеп, жалпы адамзаттын тынчтыгы, Түрк дүйнѳсүнүн келечеги болгон жаштарга сапаттуу билим берип келе жаткан билим уясы экенин баса белгиледи.

Ал эми “Зират Тарым Маркет - агрардык айыл чарба техникасын өндүрүү” Акционердик коомунун башчысы Мухаммед Оздемир КРнын Айыл чарба министрлиги менен болгон жолугушууда жер кыртышын жакшы сактап калуу, жаңы заманбап технологияларын киргизүү зарылдыгы, сууну үнөмдүү колдонуу маселелери талкуулангандыгы жана айыл чарба багытында маалыматтарды дыйкан-фермерлерге жеткирип туруу зарылдыгы айтылды деп, Кыргызстанда айыл чарба продуциясынын негизги түрлѳрүнүн өндүрүү иштери боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

КРнын Алматы шаарындагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов: «Манас» университети Кудайдын бизге берген жакшылыгы жана ѳлкөбүздүн көрүнүктүү жогорку окуу жайы болуп саналат. Алгач иштеп баштаган күндөн тарта мамлекетке кызмат кыла турган жаштарды тарбиялап ѳз салымын кошуп келет. Биз баарыбыз эки боордош ѳлкѳнүн ортосундагы байланышты арттыруу, билим берүүдө кызматташтыктын түзүлүшү жана ишкерлердин бир жерге чогулуусу, өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү үчүн аракет кылып жатабыз. Бул аракеттерибизди мамлекет башчысынын, парламент спикеринин, Ѳкмѳт башчы жана министрликтин колдоосу жана макулдугу менен ишке ашырганы турабыз», - деди.

Андан соң белектер тапшырылып, жолугушуу сүрөткө түшүү жана ректораттын көргөзмө залын кыдыруу менен аяктады.

Медиа Манас