Кабар жана жарыялар

Кышкы эс алуу саякаты уюштурулду

Университеттин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан cалттуу кышкы саякатынын 7-си 2019-жылдын 26-январында “Зил” лыжа базасында өткөрүлдү. Иш-чара КТМУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Кышкы эс алуу саякатына университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери катышты.

Окуу жайдын жетекчилери ѳз сѳзүндѳ бүтүрүүчүлөр менен студенттердин биримдикте жана өз ара карым-катнаштаболуусунун маанисин белгилеп, университет жетекчилиги студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен дайым байланышта экенин жана ар тараптан колдоо көрсөтүп тураарын айтышты.

Катышуучулар көңүлдүү эс алуу менен бирге чогуу тамактанышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/3078-mezunlar-derneinin-geleneksel-k-gezisi.html