Кабар жана жарыялар

Альтернативдик кино аймагында «эң мыкты режиссер»

Альтернативдик кино аймагында «эң мыкты режиссер»

«Бийиктикте» тасмасы Санкт-Петербургда сыйлыкка татыды.

Санкт-Петербургдагы «Кинонун альтернативдик территориясы» эл аралык кинофестивалында  Сүйүнбек Гүлжигит уулунун «Бийиктикте» тасмасы «Эң мыкты режиссер» деген сыйлыкка татыды. Сүйүнбек учурда коммуникация факультетинин радио, тв жана кино бѳлүмүндѳ окуйт.

 Аталган кинофестиваль 2018-жылдын 20-декабрында ѳтүп, анда тасмалар 9 категория боюнча ат салышкан жана алардын 32си финалга чыккан.

Медиа Манас